Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

17:25 А.Жекшенкулов: Менин бийликке барайын деген максатым жок


“Азаттык” үналгысынын кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов, өзү тууралуу “Агым” жана “Аалам” гезиттеринде жарыяланган маалыматтарды негизсиз деп четке какты. “Агым” гезити 29-февралдагы санында мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун көзүн бирөө тазалаган жатыптыр деп жазса, “Аалам” гезити ушул эле күнкү санында Жекшенкуловдун президенттик администрация башчылыгына барышы мүмкүндүгүн жазып чыккан. “Азаттыктын” кабарчысы Бүбүкан Досалиеванын суроолоруна жооп берип жатып, А.Жекшенкулов: “Мен мыйзамды сактап, балдарымды да мыйзамды сактагыла деп үйрөткөм. Ошон үчүн корко турган эчтеке жок. Менин бийликке барайын деген максатым жок. Биз “Акыйкат үчүн” деген кыймыл түзүп, ошол жердеги “Коомдук парламентте” саясий система, коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү керек деп ант бердик”, - деди. (ZMa)

XS
SM
MD
LG