Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Багдад жана Вашингтон түрк армиясынын Түндүк Ирактагы операциясын аяктаганын кубатташты


Күрт козголоңчуларына каршы багытталган аскерий иш-чара 10 күнчө мурун башталган. Ирактын президенти Жалал Талабани Түркия операция “кыска мөөнөттүү жана чектелүү” болот деген убадасына турду деп белгиледи.
Кошмо Штаттардын коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Гордон Жондроу күрт согушкерлери терроризмден баш тартмайынча, аларга каршы күрөштө Түркия жана Ирак менен кызматташабыз деп эскертти. Анкара болсо кеминде 240 согушкер жок кылынганын айтып, куралдуу күчтөрү максатына жеткенин билдирүүдө. Ошол эле маалда кармаштарда 27 жоокер курман болду. Бирок көз карандысыз булактар тарабынан бул маалыматтарды бышыктоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG