Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

ОРУСИЯДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО: ЭГИЗДИКТИН ЭН-БЕЛГИСИ


Орусиядагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/BA519D64-327F-44C9-B263-296D02C23CFB.asp президенттик шайлоодо кимдин мөрөйү үстөм болору, кол бала маалымдоо каражаттарынын аракети менен күн мурунтан эле белгилүү болуп калган. Бул жагынан постсоветтик өлкөлөрдүн айырмасына караганда окшоштуктары көбүрөөк. “Азаттык” үналгысынын “Бетме-бет” талкуусунда бийликтин саясий максат-мүдөөсүнө жетиш үчүн маалымат каражаттарын кантип пайдаланышы жайында кеп болот. Талкууга Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин академиясынын кызматкери Клара Токтоналиева, Оштогу маалымат ресурстук борбордун жетекчиси Максуда Айтиева жана Казакстандын “Айкын” гезитинин кабарчысы Камшат Тасболатова катышты. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: Орусияда президенттик шайлоо болуп, үчүнчү президентти тандоо өтүүдө. Үгүт жүргүзүү убактысында негизинен бир гана талапкерге артыкчылык берилип, бир гана адамдын тегерегинде көбүрөөк сөз болду. Кыргызстан менен Казакстанда дагы президенттик, парламенттик шайлоолор өттү. Мына ошондо административдик ресурс канчалык деңгээлде колдонулду? Дегеле ушул Орусиядагы шайлоону кандай деп баалап жатасыздар? Махсуда айым, бул суроого сиз жооп берсеңиз.

Максуда Айтиева: Административдик ресурстар канчалык деңгээлде колдонулду деп жатпайсызбы. Кыргызстанда мүмкүн болушунча эле колдонулду. “Административдик ресурсту колдонуп жатабыз” деп эч ким жарыя кылган жок, эч ким ал жөнүндө жазгысы дагы келген жок. Жазгандарды эч ким уккусу дагы келген жок. Бирок административдик ресурстар болушунча, ашыгы менен колдонулду.

Бизде дагы бийлик партиясы үстөмдүк кылды. Башкасын айтпайлы, массалык маалымат каражаттарын алганда, “Ак Жол” партиясынын шайлоого болгон даярдыгы жөнүндө рекламалык убакытта дагы, маалымат программаларында дагы кетип жатты. Болгондо дагы баса белгиленип, анын башка партиялардан артыкчылыгы жөнүндө айтылып жатты. Бул эми көнүмүш адатка айланып калды да. Аны бардыгыбыз эле билдик, бирок биз факты менен айтып бергендерден коркобуз.



Бекташ Шамшиев: Клара айым, Орусиядагы шайлоо алдындагы үгүт-насаат иштери калыс өттү деп айта аласызбы?

Клара Токтоналиева: Кыргызстандын жараны катары ошол маалыматтарды көбүнчө радио жана телевидениеден көрүп жаттым. Адилеттүүбү, же туура-туура эмес өттүбү, муну мага айтыш кыйын. Бирок бир кишини көбүрөөк көрсөтүп жатты, ал киши өзүнүн жумуш сапарларынан дагы, талапкер катары дагы көрүнүп, пайдаланып жатты. Бир кишини көбүрөөк, калгандарын азыраак көрсөтүп жатты.

Бекташ Шамшиев: Камшат айым, мына сиз Казакстандагы шайлоолордо байкоо салып, журналист катары билип жүрөсүз. Орусиядагы азыркы шайлоонун даярдыгы менен Казакстандагы шайлоонун даярдыгында окшоштуктар же айырмачылыктар болдубу?

Камшат Тасболатова: Негизинен административдик ресурстарды пайдалануу маселеси жалгыз гана Орусияга таандык маселе эмес. Бул бүткүл пост-советтик өлкөлөрдөгү өзөктүү маселе болуп жатат. Көз карандысыз мамлекет болгонубузга 16-17 жыл гана болду. Ошол жылдар аралыгында, биз пост-советтик стандарттардан, идеологиядан толук кандуу айыгып кете элекпиз. Ошондуктан, арийне, бүгүнкү шайлоодо болуп жаткан маселелер дал ошол деңгээлде болуп жатат деп билем.

Казакстан менен Орусияны салыштырганда окшоштуктар көп. Өткөндө мисалы Медведевди федералдык, мамлекеттик сыналгылар көбүрөөк көрсөтсө, Казакстанда дагы парламенттик шайлоодо бийликтин талапкерлерине артыкчылык берилди. Арийне кара пиар технологиялар бар. Алар аны пайдаланып, оппозициядан талапкерлерди жарыштан четтетүүгө аракет кылат.



Бекташ Шамшиев: Махсуда айым, сиз Кыргызстандагы болгон саясий окуялар Орусияга окшош деп айттыңыз. Орусияда болуп жаткан окуялардын көпчүлүгү пост-советтик башка өлкөлөрдө дагы сөзсүз кайталанат. Сиздин оюңузча, ошол бийликтин күчтүүлүгүнөнбү, же болбосо оппозициянын алсыздыгынан болуп жатабы?

Максуда Айтиева: Граждандык коомдун активдүү эмес, кайдыгерлик позицияны кармагандыгынан болсо керек деп ойлойм. Оппозиция күчтүү болушу мүмкүн, ошол эле маалда күчсүз болушу мүмкүн. Эки ай күчтүү иштесе, эки ай күчсүз иштеши мүмкүн. Бизде бул болуп жаткан нерсе. Менимче, жалпы элдин граждандык сезиминен көз каранды.

Бекташ Шамшиев: Клара айым, бизде сөз эркиндиги кийинки кездери проблемалуу болуп жатат. Орусияда дагы көпчүлүк маалымдоо каражаттары мамлекеттин колунда, же болбосо мамлекеттик күчтүү мекемелердин, мисалы Газпром сыяктуу мекемелердин колунда. Сөз эркиндигинин кысмакка алынышы, сөз эркиндигинин проблемасы демократиянын өнүгүшүнө, демократиянын жайылтылышына таасирин тийгизеби?

Клара Токтоналиева: Албетте сөз эркиндиги, адамдын өзүнүн ички оюн айтышы демократиялык өнүгүүгө абдан чоң таасирин тийгизет. Бул журналисттер жана массалык маалымат каражаттарды каржылаган уюмдарда, же өкмөтпү, же сиз айтып кеткендей бизнес структураларбы, ошолордун каржыланышы өзүңүз билесиз. Ким төлөсө, ошонун оюн айтышка алар муктаж болот. Ошондон биз чыга албай жатабыз. Журналисттер тарап дагы, журналисттерди каржылаган тарап дагы ошондон чыга албай жатат. Эки тарап тең жарандык коомду, өзүнүн элинин келечегин ойлосо, ошолор эмнеге муктаж деп ойлосо, балким ошондо биз кандайдыр бир өзгөрүштөргө дуушар болот элек.



Бекташ Шамшиев: Камшат айым, мына Казакстанда сөз эркиндигинин абалы, жагдайы кандай? Себеби көп эле маалымдоо каражаттары ошол мамлекеттин колунда же анын таасири астында калып жатат да. Айрыкча телекөрсөтүү жагы. Мына ушул жагынан алганда Казакстанда кандай проблемалар бар?

Камшат Тасболатова: Эми бардыгы салыштырмалуу түрдө эмеспи. Маселен Батыш менен салыштырганда арийне бизде сөз эркиндигинин өзүнүн кыйынчылыктары бар. Дегеним, коңшу өлкөлөр менен салыштырганда бардыгыбыз бирдей деңгээлде келе жатабыз. Ошондуктан сөз эркиндигине карата маселеде бир катар проблемалар бар.

Мына Казакстан 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылат. Менин айтаарым, атажуртубуздун журналисттеринин көбү мындан үмүт артып турат. Башкача айтканда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылсак, биз эл аралык стандарттарга жараша өзгөрүшүбүз керек. Бир катар талаптарды орундатышыбыз керек. Биздин үмүтүбүз ошондо. Эгерде мындай болбосо, албетте кыйыныраак болот го. Сөз эркиндиги маселеси азыр деле талапка толук жооп бербейт.



Бекташ Шамшиев: Махсуда айым, Кыргызстанда сөз эркиндигинин деңгээли кандай? Орусия эмне жасаса, Кыргызстан дагы ошону жасаганга аракет кылат да. Мындан ары дагы ошол сөз эркиндигине болгон кысым күчөшү мүмкүнбү?

Максуда Айтиева: Орусияда болуп жаткан нерсени Кыргызстанда дагы жасайт деп айтып жатасыз. Бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Себеби башка нерсени билбегендиктен эмес. Орусиянын чоң мамлекет катары Кыргызстанга болгон таасири абдан чоң. Ушуга байланыштуу болушу керек деп ойлойм.

Экинчиден, сөз эркиндиги дегенде, эгерде укуктук тарабынан каралганда, Кыргызстандын Конституциясында массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамында сөздү эркин айтканга жетишерлик деңгээлде укуктук базабыз бар. Бул жерде экинчи проблема: биз Кыргызстандын журналисттери профессионалдык жумушубузду өзүбүздүн жеке көз карашыбыздан айырмалай албай жаткан учурубуз. Эң кыйыны, эн татаалы ушул болуп жатат.

Журналисттердин бардыгынын тагасы, агасы, байкеси, таякеси бар. “Ал жөнүндө жазса болот, бул жөнүндө жазганга болбойт. Муну жазып койсом, тиги туугандар таарынып калат, ал куда-сөөк эле” дейбиз. Мына ушундан чыга албай жатабыз.

Экинчиден, мамлекеттин массалык маалымат каражаттарына, сөз эркиндигине болгон таасири чоң. Анткени бизде эмне болуп жатат? Эркин, мамлекеттик эмес массалык маалымат каражаттарына ээлик маселеси кайра каралып жатат. Бул деген акча, ресурстары бар атуулдарыбыз чечип жатат. Колунда ресурсу бар Кыргызстандын атуулу эч качан азыркы күндө бийликке каршы баскысы келбейт. Каршы баскан адам бизнесине зыян келтирип алгандан коркот.

Ал эми Орусияда массалык маалымат каражаттарынын сөз эркиндиги жокко эсе. Ал бардыгыбызга эле маалым. Бизде дагы ошондой болуш керекпи, керек эмеспи аны ойлонуп көрүш керек. Себеби азыркы күндө башыбыз айланып калган убагы. Эски, советтик журналистика, азыркы батыштык журналистика, Британиянын, Франциянын мектеби, ошолордун бардыгы аралашып келип, Кыргызстандын журналистикасынын жүзү жок болуп отурат. Ошон үчүн сөздүн кадыры кетип отурат.



Бекташ Шамшиев: Клара айым, ушул административдик ресурс бийликтин өңгөгүнө салып, бийликти колдон чыгарбоо амалы Орусияда дагы жасалып жатат. Путин өзүнүн өнөктөшүнө бийлигин берип жатат. Эми аны канчага берип жатат, ал өнөктөшү Путинге окшоп эки мөөнөткө чейин иштейби - бул белгисиз. Дегеле Путин өзү эмне болот, ал деле белгисиз. Бирок кандай болгон күндө дагы, бийликти оппозицияга эмес, эң жакын, ишенген кишисине өткөрүп жатат.

Мына Кыргызстан, Казакстан, дегеле мурдагы советтик өлкөлөрдүн көбүндө эле ушундай иштер болуп жатат. Бул өлкөлөрдө эгемендик тушунда административдик ресурска таянып гана иштөөнүн, ошого гана үмүт кылуу бул жарандык коомдун алсыздыгынан гана болуп жатабы, же болбосо демократиянын жоктугунанбы?

Клара Токтоналиева: Менимче, эгемендикти алгандан кийин кеңеш доорунан кийинки өкмөттөр, өлкөлөр балким өзүнүн бир дооруна жете элек чыгаар. Ошол убакытта оппозиция дагы алсыз болушу мүмкүн. Өнүгүп, өсө элек. Административдик ресурсту колдонгондугу балким бир жагынан жакшыдыр. Себеби мындай эгемендүүлүк айкынчылыкка, демократияга, мына ушул деңгээлге балким биз жете электирбиз.

Орусияда дагы, бизде дагы президентти, депутаттарды саясий партиялар колдоп, өзүнүн арасынан алып чыккандан кийин, ар бир партия өзүнүн программасын, өзүнүн жолун жолдоого мүмкүнчүлүк алышы керек. Бирок ал кандай деңгээлде, кандай жол менен жетишип жатат - бул суроо болуп калууда.



Бекташ Шамшиев: Камшат айым, партиялык система, жеке бийликти күчөтүүнүн, жеке бийликти бекем кармап калуунун оңой жолуна айланып жатат. Мына ошол Орусия, Казакстан, Кыргызстан ошондой партиялык системага өттү. Сиздин оюңузча, мына ушул партиялык система негизи прогрессивдүү болгону менен эмне үчүн мурдагы кеңеш өлкөлөрдө демократияга каршы келген формасы болуп жатат?

Камшат Тасболатова: Демократиянын негиздеринин бири – көп партиялык система. Деген менен өзүңүз айткандай Орусияда “Бирдиктүү Орусияга”, Казакстанда “Нур Отан” партиясына, Кыргызстанда мына “Ак Жолго” басым жасалууда. Бардыгыбыздын стилибиз, сценарийбиз окшош, бардыгыбыз бир аймакта орун алгандан кийин, тарыхыбыз бир дегендей... Ошондуктан жогоруда айтканымдай, мурдагы советтик заманынан, коммунисттик партиялардан ушул күнгө чейин арыла элекпиз.

Менимче, муну өзгөртүү керек. Себеби артта жаңы толкун келе жатат. Талаптар дагы көбөйүүдө. Эл аралык деңгээлде түрдүү Конвенцияларга кол коюп, ар кандай уюмдарга кирип жатабыз. Көп партиялык система ушул өлкөлөргө керек. Казакстан, Орусия, же Кыргызстан болсун. Бул мамлекеттер демократиялык деңгээлде өнүгөм десе, анда көп партиялык системаны күн тартибине киргизип, иш жүзүндө ошону аткарууга тийиш.

Деген менен бүгүнкү күндө мындай мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бул эң алды менен мамлекеттин коопсуздугу үчүн эмес, жергиликтүү бийликтин коопсуздугу үчүн жасалып жатат. Убакыт өтсө бул шарттар дагы, система дагы өзгөрүүгө тийиш деп ойлойм.

Бекташ Шамшиев: Талкууга катышып бергениңиздер үчүн ырахмат.

XS
SM
MD
LG