Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 10:44

9:02 Орусиянын жарандары үчүн президенттик шайлоодо добуш берүү башталды


Орусиянын Кыргызстанда жүргөн жарандары үчүн президенттик шайлоодо добуш берүү туура таңкы сегизде Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында башталды. Шайлоо участогу ачылганга чейин эле имараттын жанына элүүдөй адам чогулуп, саат сегизди күтүп турушту. Шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Пасохиндин айтымында, Орусиядагы парламенттик шайлоого караганда президенттик шайлоодо шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болууда. Муну буга чейин 20-февралда жана 24-февралда өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү көрсөткөн. “Бирок канча жаран добуш берери азырынча белгисиз, себеби алдын-ала түзүлгөн тизмедеги сегиз миң жарандан тышкары кошумча тизмеге кирип, добуш бергендердин саны да арбын болууда”, - деди шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Пасохин. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG