Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Дмитрий Медведевдин зоболосу анын досу жана устаты Владимир Путиндин көз алдында көтөрүлдү. Өткөн жылы 10-декабрда «Бирдиктүү Орусия», «Акыйкат Орусия», Агрардык партия жана «Жарандык күч» партиялары өкмөттүн биринчи вице-премьери Дмитрий Медведевди президентикке талапкер катары көрсөтүшкөн. Аталган төрт партиянын өкүлдөрү менен жолугушуусунда Владимир Путин Д. Медведевдин талапкерлигин колдой турганын билдирген. Путиндин мураскору деп эсептелген Медведев президент болуп шайланса, анын саясатын улантып кетери күтүлүүдө.



Медведев 1965-жылы 14-сентябрда мурдагы Ленинград, азыркы Санкт-Петербургда төрөлгөн. Ал 30 жыл бою Санкт-Петербургдун чет жакасындагы эң акыркы станцияларынын бири – Купчино районунда жашаган.



Медведевдин атасы университте, ал эми апасы мектепте окутуучу болуп иштешкен. Дмитрий Медведев окуган 305-мектептин мугалимдери аны зээндүү жана жөндөмдүү окуучу катары сүрөттөшөт.



Мектептеги курагы ошондогу Ленинграддын Купчино районунда өткөн Дмитрий Медведев 1987–жылы Санкт-Петербург университетинин укук факультетин бүтүрөт. Ал 1990-жылы аспирантурасын бүтүрүп, окутуучулук кесип менен алектенет.



24 жашында Медведев Санкт-Петербургдун аймактык администрациясына чакырылып, азыркы президент Владимир Путин менен таанышат. 1999-жылы Путин премьер-министр болгондо, Медведевди шайлоо штабынын жетекчилигине дайындайт. Путин президент болуп шайланган соң, тез эле Медведевди өлкөнүн эң ири ишканасы – "Газпромдун" директорлор кеңешинин төрагалыгына алып келет.



Сыртынан жумшак мүнөздүү саясий ишмер көрүнгөнү менен Медведев олуттуу маселелерге келгенде чечкиндүүлүгүн көрсөтүп келет. “Газпромду” жетектеп турган убагында, Медведев 2006-жылы Украинага көгүлтүр газ берүүнү токтотуп, жакында эле бул кайра кайталанышы мүмкүн экендигин эскертти. Тышкы саясатта Медведев көп деле билдирүү жасабаса дагы, Путиндин багыты менен саясат жүргүзөөрү күтүлүүдө.



Медведев болочок жубайы Светлана Линник менен 7 жашында таанышкан. 1989-жылы 24 жашында Светланага үйлөнгөн. Уулу Илья төрөлгөндөн кийин Светлана ишин таштап, бала тарбиялоо менен алектенет.



Президенттик шайлоо алдында Орусиянын лидери Владимир Путин калкка кайрылуу жасап, шайлоо учурунда активдүүлүк көрсөтүүгө чакырды. “Өлкө башчысы кызматында ким миллиондогон адамдар үчүн, биздин эбегейсиз чоң Мекенибиздин жарандары үчүн чыныгы пайда алып келет? Бул күнү ар бир добуш берүүчү президенттик шайлоодо ушул суроого жооп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот”, - деген Владимир Путин.
XS
SM
MD
LG