Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

15:16 Т. Какчекеев: Өлкөдө учурдагы саясый абал табигый жол менен толкундоого алып келиши мүмкүн


Мындай пикирин саясат таануучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Токтогул Какчекеев “Азаттыка” берген интервьюсунда билдирди. Саясат таануучунун айтымында, учурда стратегиялык маанилүү объектилердин сатылышы, өлкөдө баалардын көтөрүлүшү, элдин турмушу жеңилдемек турсун, оорлоп баратканы бийликтин алсыздыгын, иш алып бара албастыгын көрсөтүп турат. Үч жылга жакын аралыкта бийлик өлкө үчүн эч нерсе жасабагандыгы элдин кыжырын кайнатып жатат. “Эгерде бийлик оппозициянын сөздөрүнө кулак түйбөсө, кадр саясатын жердешчилик, тууганчылык негизде жүргүзө берсе анда эртели кеч эл ичинде толкундоолор башталышы мүмкүн”, дейт Т. Какчакеев.(MSu)

XS
SM
MD
LG