Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

ОРУСИЯЛЫКТАР ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТИ ТАНДАП ЖАТЫШАТ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын БШКсынын төрагасы Владимир Чуров билдиргенге караганда, бул жолку президентти шайлоо 2004-жылкы шайлоого караганда жандуу өтүүдө. Биринчилерден болуп жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8де шайлоо бекеттери Чукотка менен Камчатка крайында ачылды. Акыркылардан болуп Калининград областынын тургундары добуш беришмекчи. Шайлоого катыша турган атуулдар тизмесинде жүз миллиондон ашуун киши бар.

Президенттик орун үчүн төрт талапкер ат салышууда. «Бирдиктүү Орусия» партиясы сунуштаган Дмитрий Медведев, Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов, ЛДПР төрагасы Владимир Жириновский жана Демократиялык партиянын жетекчиси Андрей Богданов. Кайсы бир аймактарда, алардын катарында Москвада бүгүн жергиликтүү мыйзам чыгаруу жана муниципалдык бийлик органдарын да шайлап жатышат.

Ошону менен Орусия бүгүн жаңы тарыхындагы үчүнчү президентин шайлап жатат. Экинчи президент Владимир Путин ал орунда 8 жыл отуруп, Баш мыйзам берген укугун толук пайдаланды. Биринчи президент болуп бул орунга 1991-жылы референдум жыйынтыгы менен Борис Ельцин шайланган.

Бүгүнкү БШК тараткан маалымат боюнча шайлоого бул жолу 108 миллион 947 миң орусиялыктар катышат. Өлкө боюнча 96,3 миң шайлоо участоктору уюшулган.

Жаңы мыйзам арибине ылайык эми добуш бергени келген кишилер эсеби мурдагыдай бул сандан аз болбосун талабы жок, добушту канча киши берсе ошол эсеп туура болот.

Бүгүн эртең менен добуш бергени барган Медведев журналисттер алдында аба-ырайын мактаган:

-Жаз келди. Күн бүркөлүп, жаан тамчылап жатканы менен бул жылдын башка мезгили. Бул жагымдуу, - деген.

Шайлоо өткөн бектеттерде анын уюшкандыкта жана баарлуу өтүп жатышын агенттиктер белгилешет. Бир гана жетишпегендик - шайлоонун өтүшүнө көз салуу жокко эсе дешет. Ырасмий БШК болсо 300гө чукул чет элдик байкоочулар болорун айткан. 17 эл аралык уюмдардан өкүлдөр келди деген эле. Ал уюмдар арасында ПАСЕден, КМШ парламенттер аралык чогулушунан, Шанхай кызматашуу уюмунан, Европа өлкөлөрүнүн Ассоциациясынан деп айтылган.

Ошол эле учурда байкоочулар АКШ жана батыштык кайсы бир мамлекеттерден келбей калганын айткан. Алардын бири ЕККУнун алдындагы АУДИБ – адам укуктары жана демократиялык институтар боюнча бүйрөсүнөн Орусиялык БШК койгон катуу талаптардан улам келүдөн баш тартканы баарыга маалым.

Шайлоонун жүрүшүндө дегеле байкоочулар болбогон бекеттер жолуккан. Маселен Владивосток калаада биздин кабарчы Марина Лобода ушундай көрүнүшкө дуушар болгон:

“Азаттык: - Байкоочулар көрүнбөйт го?

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү: - Азыр эле шаардык аткаруу комитетинен, администрациядан экөө келип кетишти, алты участкада болдук, биринде да байкоочу жок экен дешти. А бизге эмне? Мурунку шайлоолордо аябагандай көп болушчу, олтурарга жер калбачу.

Орусиялык БШК төрагасы Владимир Чуровдун маалымдашынча, шайлоонун жыйынтыгы 3-мартта Москва убактысы менен алганда саат 10до дайын болот

XS
SM
MD
LG