Ишембиде эртең менен жергиликтүү саат 7лерде полиция менен Ички иштер министрлигинин аскерлери демонстрация өтүп жаткан аянтты курчоого алып, демонстранттарга каршы жаш чыгаруучу газ, союлдарды колдонушкан. Көп узабай, демонстранттар шаардын борборуна кайрадан чогулушту. Алар “Азаттык” жана “Левон” деп кыйкырып турушту.
«Азаттыктын» армян кызматына берген интервьюсунда өлкөнүн акыйкатчысы Армен Харутюнян абалды мындайча сүрөттөгөн эле:
Кырдаал абдан курч. Тынч демонстрация болсо, анда полиция күч колдонобушу керек эле.
Кечинде болсо полиция менен эл кагылыша кетип, 8 киши набыт болгону маалымдалууда. Президент Роберт Кочарян чукул кырдаал жарыялады. Эми 20 күнгө ар кандай акция өткөрүүгө тыюуу салынды. Жана маалымат каражаттарына цензура киргизилүүдө.
Оппозиция 19-февраль күнкү президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылыгын билдирип жаткан эле. Добуш берүүнү премьер-министр Серж Саркисян жеңди деп расмий жарыяланган. Оппозициянын кандидаты, мурдагы президент Левон Тер-Петросян өкмөт башчы жыйынтыктарды бурмалаган деп айыптоодо.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоо негизинен эл аралык нормаларга ылайык жүргүзүлдү деген баасын берген эле. Европа биримдиги жана АКШ добуш берүү активдүү жана атаандаштык негизинде өттү деп, армян элин куттукташкан. Бирок алар шайлоодон кийинки абалдын куручушуна камтамачылыгын билдиришти. Эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму армян полициясын ашыкча күч колдонду жана зомбулукка жол берди деп айыптады.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы Арменияга атайын чабарманын жиберди. Ал президенттик шайлоону жеңген өкмөт башчы Серж Саркисян жана оппозициясын лидери Левон Тер-Петросян менен жолугушмакчы.