Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Иракка сапар менен барды


Багдад менен “ансыз да мыкты алакаларды” чыңдоо – визиттин максаты, - деп билдирди Ахмадинежад Ирактын мамлекет башчысы Жалал Талабани менен жолугушуусунан кийин. Талабани болсо сапарды тарыхый деп атады. Эки өлкө ортосунда 1980-жылдары болгон согуштан кийин Иран лидери Иракта боло элек эле. Ахмадинежад ошондой эле Багдаддын Жашыл зонасында Ирактын өкмөт башчысы Нури ал Малики менен кездешти. АКШ президенти Буш Иран Иракка заманбап аскерий жабдыктарды жиберүүнү токтотушу керек деп, Ахмадинежадды “терроризмди экспорттоого чекит коюууга” үндөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG