Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

“Азаттык” үналгысынын “Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөгүнүн өткөн жолку чыгарылышында казак, кыргыз калктарына тең ырчы, композитор, домбырачы, акын, дирижер, Казакстандын эл артисти, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Алтынбек Коразбаевдин чыгармачылыгынын баш аты менен тааныштырган элек. Бул жолку экинчи берүүбүздө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин, кыргыздын дүйнөлүк ысымдагы залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун шайыр Алтынбек Коразбаевге берген баалары, казактын, кыргыздын, орустун ырлары менен кабарчыбыз Балбай Алагушов тааныштырат.

Кичинекей кезинде "Сары бала", кийин "Сары ырчы" аталып, казактын улуу ырчысы Гарифолла Курмангалиевдин “ой, балам сен нукура элдик ырчысың. Сен ыр үчүн гана жаралыпсың” деген баасына татыган Алтынбек Коразбаев “Ырларым саган – тууган жер”, - деп бүтүндөй чыгармачылык дүйнөсүн түмөндөгөн байлыкка бай Казакстандын жерине, кайратман элине, жалындуу жаштарына, алардын махабатына арнап келет.

Алтынбектин патриоттук улуу сезимдер менен шөкөттөлгөн “Тууган жерим эң сонун”, “Сагындым Алматымды”, “Казак-кыргыз арасы”, “Аяулы Таразым”, “Сары арка”, “Казак баласымын”, “Кайт казак” аттуу жана башка ырлары ар кыл муундагы ырчылардын түбөлүктүү репертуарларына айланды.

1982-жыл. Алматы калаасы.

Казак филармониясынын концерттик чоң залы. Казак, кыргыз, өзбек, Орусиянын аттуу-баштуу шайырларынын концерти жүрүп жатты. Кезек Алтынбекке келет. Ал жаңы эле чыгарган “Сагындым Алматымды” аттуу ырын:

“Сагындым Алматымды”
Обону: А. Коразбаевдики.
Сөзү: С. Оспановдуку.

Косамын энге атыңды,
Тосамын эр хатыңды.
Сагындым ама багын,
Арайлы Алматымды.
Сагындым акку үнин,
Сагындым ак гүлүңдү.
Алматым сыйладың сен
Шабытты шаттыгымды.

Эске алсам Көктөбени,
Жаныма ат береди,
Алгашкы махабатка,
Ку эгер көк тереги,
Калайды жаным жырды,
Болмайды, эним мүңды,
Тек көңил, ак жүректи.
Достарым сагындырды.

Аспаны астананың
Сагындым жастар энин.
Сагындым шындарыңды
Алатау аскарларым!
Талпынган туа үлына,
Ашыкпын жауныңа,
Сагынып, жетем саган,
Бас мени баурына
, – деп кумарлана ырдайт.

Концертке катышып, өнөрүн тартуулап отурган Орусиянын эл артисти Валентина Толкунова Алтынбекке келип: “Жолдош директор, бул укмуш ыр, мен аны сөзсүз ырдап чыгам”, - деп куттуктап, эки күндөн кийин өзүнүн концертинде бир куплетин казак, бир куплетин орус тилинде ырдап чыгат.

Жакында Алтынбектин торколуу тоюна катышып калган кыргыздын таанымал ырчысы Роза Аманова Алтынбек Коразбаевдин жалпы чыгармачылыгынын элдиктүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Роза Аманова : -Алтынбек аганын ырлары ушунчалык элдик колоритти камтып, домбыранын коштоосундагы боёктору көчмөн элдердин кайрыктарына айкалышып турат. Ошондуктан ар бир адамга өтө жакын. Айрыкча автордун “Сагындым Алматымды”, “Жайлоодо”, “Акмончокто арум”, “Шамбаулым” деген жана башка кереметтүү ырлары бар.

Кыргыз акыны Акбар Рыскуловдун сөзүнө жазган “Казак-кыргыз арасы” аттуу ырын торколуу тоюнда комуздун коштоосунда ырдап бердим. Бул ырды белгилүү ырчы Багдад Санединова ырдайт. Алтынбек агай кыргыз ырларын жакшы да көрөт, мыкты да аткарат. Коразбаев агай кыргыз эли менен казак элинин чыгармачыл инсандарынын ортосунда көпүрө болуп жүргөн киши.

Балбай Алагушов: -Алтынбек мырза, сиз элүүгө чыкканда эл башчысы Нурсултан Абышевич белекке ак “Волга” мингизиптир. Ошол белекти президенттин талантыңызды баалаган таазими деп эсептейсизби?

Алтынбек Коразбаев: -Мен ал белекти президенттин өнөр адамдарын сыйлаган чоң баасы деп эсептейм. Мен аны мактанып айта алам.

Балбай Алагушов: -Алтыке, калк артисти деген ардактуу наамды качан, кандай жагдайда алдыңыз эле?

Алтынбек Коразбаев: -1992-жылы казак эли эгемендүүлүктү алгандан кийин эки учак менен Түркияга бардык. Бир топ чоң артисттер, алардын ичинде мен да бармын. Казак диаспорасы менен жолугушуп калдык. Нурсултан Абышевич болсо сахнада түрктөрдүн чоңдору менен кездешип, бизди тааныштырып отурган. Кезек мага келгенде Нурсултан Абышевич “азыр сиздерге Казакстандын халк артисти Алтынбек Коразбаев ырдап берет” деди. Мен ал кишинин кашында отурган элем, акырын “Нурсултан ага, мен калк артисти эмесмин гой” десем, күлдү да “эми аласың”, - деди. 1993-жылдын 3-марттагы указы менен “Казакстандын халк артисти” деген наам берди.

Балбай Алагушов: -Алтынбек мырза, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен кандай жагдайда тааныштыңыз. Чыңгыз ага сиздин чыгармачылыгыңызга кандай баа берди эле?

Алтынбек Коразбаев: -1991-жылы Бишкекте “Руханият” Эл аралык сыйлыгы Нурсултан Абдышевичге берилди. Ошол сыйлыкты алыш үчүн Нурсултан ага атайын учак менен Бишкекке көп адамдар менен учту. Алардын арасында мен да бармын. Президенттин тоо жактагы жакшы резиденциясына жайгаштык. Бизге Чыңгыз Айтматов баштаган кыргыздын атактуу инсандары, залкар дирижер Асанкан Жумакматов, көрүнүктүү артисттери кошулду. Казакстандан мен, Каршыяк Бедияров болду.

Залда ырлар ырдалып, күүлөр чертилип жатты. Кезек мага келгенде домбырамды алып бир ырымды ырдагандан кийин Нурсултан ага мага “Алтынбек домбыраңды мага берчи”, - деди. Мен добырамды бердим. “Көзүңдөн айланайын” деген ырымды баштан аяк ырдап жиберди. Ошол кезде Чыңгыз Айтматов “өзгөчө ырдады, эл башчысы (президент) өз элинин композиторунун ырын аткарып жатса, ал композитор кандай бактылуу” деп баа берип, кийин китебине да жазган эле.

“Көзүңдөн айланайын”
Обону: А. Каразбаевдики.
Сөзү: А. Асылбековдуку.

Көргөндөн алгаш сени күн депем,
Шортаңдай шоршып кашып илинбепен,
Келемин содан бери өзүңдү ойлоп,
Көзүңдөн айланайын күлүмдеген

Жүрөктү жарып шыккан сен бир өлең,
Өзүң деп жазып келем өндүремин,
Жүзүң таза өскөн мойылындай,
Көзүңдөн айланайын мөлтүреген.


Ар тараптуу шыкка бай Коразбаев казак акындарынын ырларына гана эмес, боордош кыргыз акындардын сөздөрүнө да, ырларына да обондорду чыгарууда. Алсак кыргыздын таанымал акыны Акбар Рыскуловдун “Казак-кыргыз арасы” аттуу ырына обон жазат. Ал ыр бүгүнкү күндө казак, кыргыз ырчыларынын арасында элдик ыр шекилдүү келет. Анда эмесе кептин да, ырдын да кезметин кыргыздын белгилүү ырчысы Роза Амановага берейин.

Роза Аманова : -Азыркы аткара турган ырым “Казак-кыргыз арасы” аттуу ыр. Сөзү Акбар Рыскуловдуку, обону Алтынбек агайдыкы. Ырдын аты атап тургандай жайлоону бирге жайлашып, кыштоону бирге кышташкан тили да, дили да эки элдин ырыс алды ынтымагына арналат. Биринчи жолу казак ырчысы Багдад Санединова ырдап чыккан. Азыр ырды Багдаддын аткаруусунда уксаңыздар.

“Казак-кыргыз арасы”

Бир жүрүп түпкү бабасы,
Бир күлүп эрке баласы
Тангырлаш болгон тарыхта,
Таразы менен Таласы
Эгиз эл кыргыз-казактын
Эзелтен жакын арасы!

Бир болуп салты-санаасы,
Бир болуп тоосу, талаасы
Алманын эки шагындай,
Алматы Бишкек калаасы,
Эгиз калк казак-кыргыздын
Эми да жакын арасы!

Бир болуп жуткан абасы,
Бир болуп туткан намазы,
Күрөлөш, Балкаш, Ысыккөл,
Көзүмдүн эки карасы,
Биртууган казак-кыргыздын
Бекемдей берсин арасы!



Балбай Алагушов: -Эмне үчүн Казакстан, Кыргызстан эгемендүүлүккө чыккандан кийин илгеркидей эки элдин шайырларынын концерттери ордо калааларда байма-бай өтпөй калды?

Алтынбек Коразбаев:-Бир жолу мен данакер болгум келди. Мындан беш жыл мурун өзүмдүн шакирттерим “Музарт” деген топтун бет ачарын Алматыда, республикалык концерт сарайында өткөрдүм. Бишкектен филармониянын комузчулар ансамблин, Ташкентен “Бахар” бий ансамблин чакырдым. Эки күн концерт бердик. Кыргыз, өзбек шайырлары катышты.

Былтыр болсо филармониянын директору Керим Тураповго телефон чалдым. Сиздердин “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамблинин директору менен сүйлөшүп, Бишкекте Алматыда казак-кыргыз артисттеринин аралашма концерттерин бермек болдук. Бардыгын макулдашканбыз. Бирок кийин билбейм арабыздан кара мышык чуркап кеттиби концертибиз болбой калды. Бир нече жолу Тураповго телефон чалдым, таппадым.

Балбай Алагушов: -Алтынбек мырза, кутмандуу 60 жылдыгыңызга карата Бишкекте кыргыз туугандарыңызга концерт бересизби?

Алтынбек Коразбаев: -Кудай кааласа быйылкы жылы 60-жылдыгыма карата кыргыз туугандарга Бишкекте концерт берейин деп жатам.

Балбай Алагушов: -Алтынбек мырза, маек куруп бергениңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG