Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

ОРУСИЯДАГЫ ШАЙЛООНУН ӨКСҮК ЖАГЫ, ӨРНӨК ЖАГЫ


Кыргызстандагы айрым байкоочулардын пикиринде Орусиядагы президенттик шайлоодо административдик ресурстар ачыктан-ачык колдонулуп, мурдагы Совет биримдигиндегидей болуп шайлоо анык демократиялык негизде өткөн жок. Ал эми айрым саясатчылар болсо ушул тапта Орусияга Путиндин саясатын улантуучу мураскердин бийликке келиши Орусиянын биримдиги үчүн зарыл деген көз карашта.

Орусияда өткөн президенттик шайлоого Кыргызстандагы саясатчылар, коомдук уюмдун өкүлдөрү, атуулдар кайдыгер карашкан жок. Жарандык коомдун өкүлдөрү Орусиядагы шайлоодо демократиянын принциптери сакталбай, шайлоодо административдик ресурстар буга чейин эле колдонулуп, шайлоо бийлик каалагандай өткөнүн белгилешти.

Айрым саясатчылар административдик ресурс бардык өлкөлөрдө колдонуларын, бирок Орусиядагы шайлоодо административдик ресурс сыпайы колдонулуп, шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Путиндин саясатын колдоп Дмитрий Медведевге добуш беришкени тууралуу маалымат каражаттары аркылуу кабар алышканын белгилешти.

Бир катар байкоочулар Кыргызстанда 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу Орусиядагы шайлоо демократиялуу эле өттү деген көз караштарын билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев Орусия менен Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары окшош экендигин, орус бийлиги административдик ресурсту шайлоого чейин эле колдонуп, сыналгыларда Медведевдин иш сапарларынын байма бай көрсөтүлүшү мыйзамды бузууга негиз болгонун айтты.

-Орусиянын шайлоо мыйзамдары биздикиндей эле. Шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүдө шарттары бар. Мураскер деген Медведевди сыналгыдан өтө эле үзбөй алдын ала көрсөтүп, мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу анын зоболосун көтөрүп жатты. Ушул негизден алганда мыйзам бузууга жатат. Анткени Орусиянын шайлоо Кодекси менен Кыргызстандын шайлоо Кодексинин талаптары бирдей эле. Талапкерлер тең укукта болуш керек деген бар.

Сариевдин пикиринде, Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтин «камчысын чаап», Касьяновду тизмелерге шылтап каттоого албай, талапкерликтен четтетилиши Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга «коендой окшош». Бирок ошол эле учурда президенттик шайлоонун Армениядагыдай болуп жаңжалга айланбай, тынч өтүшүнө Орусияда негиз бар. Анткени Орусиянын калкынын дээрлик көпчүлүгү азыркы бийликти колдоп аткандан кийин Путиндин мураскери Дмитирий Медведевдин утушка ээ болушуна толук негиз бар.

Саясат таануучу Марат Казакбаев президенттикке талапкерлер Зюганов, Жириновский административдик ресурстар колдонулуп шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн маалымат каражаттарында айтып чыгышканын белгилеп, Путиндин саясатын орус эли «кош колдоп» колдойт деп эсептейт. Анткени Борис Ельциндин доорунда чечилбеген маселелерди Владимир Путин сегиз жылда чечип, орус экономикасын көтөрүп, эл аралык аброюн жогорулатып, «саздан сууруп» чыкты. Казакбаевдин көз карашында Орусиядагы президенттик шайлоо Орто Азияга үлгү болушу керек.

-Путин президенттик үчүнчү мөөнөткө барганы жок. Ал эки мөөнөтүн иштеп эле кетип жатат. Менин оюмча Орусиянын тажрыйбасы Орто Азияга тийсе жакшы болот эле. Мына Казакстандыкын көрүп атасыңар, Өзбекстандыкы үч-төрт мөөнөт болуп кетпедиби. Ушул Орусиядагыдай эле шайлоо болсо бизге балким таасири тиймек,-деди Казакбаев.

Өткөн айда Москва койгон шарттарга макул болбой Орусиядагы президенттик шайлоого ЕККУнун Демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу байкоочуларын жиберүүдөн баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG