Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

7:15 Майлысуу шам заводунун жумушчуларынын нааразылык чарасы бүгүн да уланат


26-февралда башталган иш таштоо чарасына жума күнү дагы эки цехтин жумушчулары кошулган. Эки миңден ашуун жумушчу ноябрь, декабрь жана январь айларынын эмгек акыларын 5-мартка чейин төлөп берүүнү, заводдун чарбалык ишин текшерүү үчүн комиссия жиберүүнү жана өкмөт башчы Игорь Чудиновдун келүүсүн талап кылышууда. Заводдун цех башчысы Рустам Абдувалиевден алынган маалымат боюнча иш таштагандарга өткөн бейшемби күнү Жалалабат облусунун губернаторунун орун басары Айбек Акбаров барып жолугушкан, бирок оңдуу натыйжа болгон эмес. Майлысуу шам заводунун азыркы ээлери ишкананы банкротко учуратууга аракет жасоодо деген дооматтар мурдагы парламент мүчөлөрү тарабынан да коюлуп келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG