Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Венесуэланын президенти Уго Чавес аскерлерин Колумбиянын чек арасына жайгаштырат


Ал эми Боготадагы Венесуэла элчилигин жабууга көрсөтмө берди. Венесуэла менен Эквадордун Колумбиядагы элчиликтерин чакырып алуусу – Колумбия бийлигинин ФАРК кыймылынын жетекчилеринин бирин өлтүргөнүнө нааразылык катары болду. Колумбиядагы партизандык кыймылдын лидери Рауль Рейести колумбиялык аскерлер Эквадордун аймагында өлтүрүшкөн. Уго Чавес Колумбия Эквадордун чегарасын бузду деп белгилеп, бул- Түштүк Америкада согуш чыгып кетүү коркунучун туудурат, деп айтты. Ал Эквадор да аскерлерин Колумбиянын чегарасына жиберүүсү тууралуу президент Рафаэль Корреа менен сүйлөшкөнүн маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG