Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Ахмадинежад Ирактын согушчандарын куралдандырып жатат деген АКШнын айыптоосун четке какты


Бул тууралуу Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Иракка жасаган иш сапары учурунда Ирак премьер-министри Нури аль-Малики менен болгон жолугушуудан кийин билдирди. Анын айтуусунда АКШ жоокерлерин өлтүрүп жаткан шиит согушчандарын Иран курал менен камсыздап жатат, деген Американын айыптоосу негизсиз. Ахмадинежад кечээ Ирак президенти Жалал Талабани менен жолугушкан.
Ахмадинежад Иран менен Ирактын ортосундагы 1980-88- жылдардагы согуштан кийин Иракка иш сапар менен барган биринчи Иран президенти.

XS
SM
MD
LG