Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

ОРУСИЯДАГЫ ШАЙЛООДО ДМИТРИЙ МЕДВЕДЕВ ЖЕҢИП ЧЫКТЫ


Орусияда жекшембиде болгон президенттик шайлоонун алдын ала чыгарылган жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлердин алдында Дмитрий Медведев келе жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы таркаткан маалыматка караганда чогулган добуштун 16 пайызынын эсептөөсүндө Медведев үчүн берилген добуштун эсеби 65 пайыздан артып түшкөн. Геннадий Зюганов 20 пайыз добуш чогулткан. Владимир Жириновский 13 пайызга чукул жана Андрей Богданов бир жарым пайызга чукул добуш алышкан. Албетте, бул көрсөткүчтөр улам өзгөрүүдө. Шайлоого катышкан тургундардын саны тизмеге алынгандардын 60 пайызынан ашкан.

Орусияда өткөн президенттик шайлоодо мурдатан айтылып келе жаткандай эле бийлик атын сүрөгөн талапкер Дмиртрий Медведев алыдыга озуп чыкты. БШК алдын ал чыгарган жыйынтык болсо да өзү колдоого алган кишиси жеңип чыкканын Владимир Путин кечинде Кызыл аянтта чогулган элдин алдында жар салды. Анын артынан сүйлөгөн Медведев Путин чапкан жолдон тайбай тургандыгын баса белгилеп айтты.

Орусиялык социологдор жүргүзгөн экзит-полл жыйынтыгы боюнча Дмитрий Медведев биринчи эле айлампада 69,6 пайыз добушту чогултуп жеңишке ээ болот. Ал жерде келтирилген жыйынтык боюнча коммунист Геннадий Зюганов 19 пайыз добушту утат, Орусиянын улутук либералдык–демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский 10 пайыздын тегерегинде добушту чогултат, ал эми Орусиялык демократиялык партиянын жетекчиси Андрей Богданов 1 пайыздан саал көбүрөөк добуш чогулта алат.

Оппозиция шайлоону тамаша оюн деп атады. Кечээ коммунисттик партиядан тартып «Яблоко», «Солчулдар күчү Союзу» жана «Башка Орусия» кыймылы шайлоонун өтүшүндө болгон мыйзам бузууларды белгилешти.
Орусиянын өкүмөтүнүн мурдагы төрагасы, кремлдик азыркы бийликке оппозицияда турган Михаил Касьянов элдин калың катмарынан алыс калган бийликти мыйзамдуу эмес деп сындады:

«Бүгүнкү шайлоонун легитимдүү эместиги жана өлкө үчүн зыяндуу жолду жолдоочулук акыры баарыга олуттуу коркунучту туудурат» - деди Михаил Касьянов.

Баса, «Добуш» аталыштагы шайлоодо укук бузууга каршы турган ассоциация таркаткан маалымат боюнча бүлүтендерди топ-тобу менен үкөктөргө салуу бул жолу көп болгон, кишилерди автобус менен бир бекеттен экинчи бекетке ташып барып, ал жерде да берки жерде да добуш бердирүү болгон. Маскөөдө, маселен, көз карандысыз байкоочулар шайлоо өткөн бекеттердин 40 пайызында болгон эмес. «Добуш» ассоциациясынын кишилерин Санкт-Петербург, Уфа, Астрахан жана Ростов-на-Дону калааларында шайлоо бекеттерине киргизбей койгон.

Алдын ала чыга баштаган жыйынтыкка нааразы болгон КПРФ лидери Геннадий Зюганов адилетүүлүктү соттон издей тургандыгын айтып чыкты. Ал эми ЛДПР лидери Владимир Жириновский болсо: «дайым эле кайрылып жүрөбүз, бирок андан эч натыйжа чыкпайт, ошондой болсо да бул жолу да сотко кайрылабыз» - деген РИА Новости агенттигине.

БШК билдиргенге караганда шайлоонун расмий жыйынтыктыгы 7-мартта чыкмакчы. Алдын ала чыгарылган жыйынтыкта шайлоого катышкандардын Дагстанда 92 пайызы, Чеченстанда 89 пайызы, Татарстанда 86 пайызы, Санкт-Петербургда 72 пайызы Медведев үчүн добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG