Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Казакстан бийлиги 1-марттан тарта буудайды экспорттоого чек койду. Бул буудайды негизинен казактардан сатып алган Кыргызстан үчүн терс таасирин тийгизбей койгон жок. “Акун” фирмасынын президенти Чыныбай Турсунбеков “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маектешүүдө буудай, ун базарында кырдаал оор болуп жаткандыгын, бул маселени чечүүдө өкмөт тегирменчи ишканалар менен чогуу иш жүргүзсө жакшы болорун белгилеген.

-Чыныбай мырза, өткөн жумада дүйнөлүк биржада буудайдын баасы 25% кымбаттады. Казакстандан сатып алып жаткан буудайдын баасы канча болуп жатат?

- Чынын айтыш керек, ушул тапта Кыргызстан Казакстандан буудай сатып алуу кыйынчылыкка туруп атат. Мага Казакстандык ишкерлер байланышып, буудайдын тоннасын 400 доллардан ал деп сунушташууда. Буудай жиберебиз деп бир жума мурда 370 доллар, андан кийин 380 долларга чыгарышкан эле, жибербей эле эми ошол буудайды “400 доллардан алсаң жиберебиз” деп атышат. Мунун өзү Казакстандын өзүндө да буудай базарында туруктуу кырдаал жоктугун көрсөтүп турат. Алар дүйнөлүк базарга да багыт коюп, дүйнөлүк базарда баа 55 долларга өсүп кетти, биздики да өсүүсү керек, деген жүйөөнү айтып атышат. Ошондуктан натыйжада Кыргызстандын ишкерлери чегарада мамлекеттик пошлинасы жок болсо деле 400 доллардан ылдый баага буудай алышы кыйын болуп калды. Керек болсо, жаңы жылдын алдында түзүлгөн келишим, алдын ала төлөнгөн акчаларга да “баа өсүп кетти” деп буудай жибербей атышат, мунун өзү чындап эле Кыргызстандык ун менен алектенген ишкерлерине оор болорун көрсөтүп турат. Анткени Кыргызстандын өзүнүн базарында буудай жокко эсе.

-Кыргызстандын айыл чарба министрлиги 2007-жылы 700 миң тоннага жакын буудай жыйналды деп маалымдаган. Сиздердин ички базар менен иштешүү аракетиңиздер кандай болуп жатат? Элди нан менен камсыз кылууга жетеби?

-Мен алардын маалыматына ишенбей турам. Анткени 700 миң тонна буудай болсо, Кыргызстанда буудайдын баасы мынчалык өсмөк эмес. Андан тышкары Казакстандан 300 миң тоннадан ашуун буудай апкелинди. Ошон үчүн бул маалыматты жалган статистика десек болот. Мындай көрүнүш Казакстанда да бар. Анткени күзүндө казак бийлиги 21 млн тонна дан алдык деп жарыялаган. Бүгүнкү күндө расмий түрдө 7 млн тоннасын экспортко чыгарды. Ички базарына 3 млн тонна иштетсе, 10 млн кетти. Дагы 10 млн тоннасы кайда? Мына ушундай маселе турат. Демек, бизде болобу, Казакстанда болобу кандайдыр бир деңгээлде бул багыттагы статистикалар чындыкка шайкеш келе бербейт, деген ой келип чыгат.

-Азык-түлүк коопсуздугу боюнча азыр өзгөчө көп сөз болуп жатат. Үзүкчүлүк учурунда баалар асмандап кетет деген коркунуч да бар..?

-Асмандап кетери турулуу иш болуп калды. Өзүңүз деле ойлосоңуз, буудай келбей эле күн сайын 10-20 долларга кымбат баа айтылып атса.. Буудайдын жыты да жок, Кыргызстанга келбей атса, биз арга жок, өзүбүздүн колдогу буудайдын баасын көтөрүүгө аргасыз болобуз. Анткени биз жаңы буудайды кечээ эле 270-280 доллардан сатып алып аткан болсок, ошол эле буудайды бүгүн 400 долларга сунуш кылып, бирок жибербей атышат. Биз керектүү өлчөмдө буудай сатып алуу үчүн ошого жараша мамиле кылып, колубузда болгон унга бааны да көтөрүшүбүз керек. Алдын ала төлөп коюп, алалбай атабыз, мунун өзү эле көп нерсени айтып атат. Арга жок, баалар кымбаттайт. Ага карата биздин өкмөт кандай чараларды көрөт билбейм, бирок биз колубуздан келишинче кысталыш учурдан чыгууга аракет кылып жатабыз. Бул боюнча өкмөткө мен өз сунуштарымды айткам, дайыма маалымат каражаттары аркылуу да айтып келатам, өкмөт менен бизге окшогон тегирменчилер биргелешип аракет кылса, менимче кыйынчылыкты жеңилдетүүгө болот. Бирок бири-бирине кеңешпей иш кылса, бири-бири менен эсептешпей иш кылса, менимче аягы жакшы бүтпөйт болуш керек.

-Казакстандан буудай келбей, акыбал мындай болуп атса, Кыргызстан дагы кайсы мамлекеттен дан сатып ала алат?

-Казакстандан башка үмүт Кытайга бар. Бирок кытайдын буудайы да 1-январдан тарта кымбаттаган. Менимче бүгүнкү күндө биз көбүрөөк үмүт кыла турган өлкө- Кытай болгону турат.

-“Акун” ишканасынын уну канчадан сатылып жатат?

-19-20 сомдон болуп атат. Бирок 1-марттан тарта баа кымбатады, дагы өзгөрөт. Аргасызбыз, башка жол жок. Кырдаал ошого алып барып атат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG