Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

15:25 Н. Токтакунов: Жарандардын маалымат алуу укугу бузулуп жатат


Бул тууралуу көз карандысыз укуктук топтун лидери, юрист Нурбек Токтакунов маалымат жыйыны учурунда билдирди. Анын айтымында, өкмөт жана министрликтер “Маалымат алуу укугу боюнча” мыйзамды кандай аткарып жатышкандыгын билүү максатында иликтөө жүргүзүлдү. Бир катар бейөкмөт уюмдар жана жарандар мамлекеттик мекемелерге 71 суроо талап жиберишкен, бирок алардын 62 пайыздан ашуунуна жооп болгон эмес. “Иликтөөлөр көргөзүп тургандай, президенттин “Маалымат алуу укугу” боюнча мыйзамы аткарылбай жатат”, дейт юрист. Ушуга байланыштуу Н. Токтакунов доо арыз менен Бишкек район аралык сотуна кайрылып, арздын күчөрмөсүн президент администрациясына жибергенин билдирди.(MSu)

XS
SM
MD
LG