Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

16:35 Улуттук спорт оюндар боюнча спартакиада төрт жылда бир өткөрүлөт


Бүгүн кыргыз парламентинин жаштар, гендердик саясат, дене тарбия жана спорт боюнча комитети “Улуттук спорт оюндары тууралуу” мыйзам долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карады. Анда негизги өзгөртүүлөрдөн болуп Дене тарбия, спорт, жаштар иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бектур Асанов өкмөттүн казнасынан бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу пайдалануу үчүн спартакиаданы эки жылда эмес, төрт жылда бир өткөрүү сунушун киргизүүдө. ЖКнын маалымат кызматынын маалымдашынча мыйзам долбоор парламент комитетинде талкууланып жалпысынан жактырылды, айрым бир кемчиликтер аныкталган соң кайрадан иштеп чыгууга жөнөтүлдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG