Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Бир катар укук коргоочулар бийлик менен элдин ортосундагы ажырым өтө чоң экендигин, муну элдин акчасына жашаган чиновниктер кайсы бир маселе боюнча маалымат алгысы келген жарандарга көңүл бурбай калганы менен түшүндүрүүгө болорун айтышууда. Адвокат Нурбек Токтокуновдун 2005-жылдан тартып жүргүзгөн иликтөөсүндө, кайсы бир маселе менен мамлекеттик органдарга кайрылган жарандар 62,3 % учурда таптакыр жоопсуз калышат. Айрым бийлик өкүлдөрү муну бийлик бутактарында замандын талабын жакшы түшүнгөн мыкты менеджерлердин аз болуп жатканы менен түшүндүрүп жатышат.

Көз карандысыз укук коргоочулар тобун түзүп, 2005-жылдан 2007-жылдын соңуна чейин бийлик менен коомдун ортосундагы байланыш кандай болуп жатканын иликтеген адвокат Нурбек Токтокунов, бийлик менен элдин ортосундагы ажырым чоң экендигин аныктаган. Анын айтуусунда бийлик бутактары көп учурда жөнөкөй жарандардын кайрылуусун, арыздарын гана эмес, кайсы бир маанилүү маселелер боюнча маалымат берүүнү суранган беделдүү уюмдарды да жоопсуз калтырышат. Маселен, бир катар укук коргоочулардын былтыркы парламенттик шайлоонун толук жыйынтыктарын жарыялоо талабын БШК дагы деле болсо аткарбай келет. Иликтөөсүнүн жыйынтыктары тууралуу Нурбек Токтокунов мындай дейт:

- Жыйынтыкта төмөнкүдөй сандарга күбө болдум. Кайрылуулар боюнча 24,6 % өз учурунда аргументтери бар жооптор болгон. 6,6 % жооптор кечиккен, 6,6 % формалдуу гана жооптор болгон жана 62,3 % таптакыр жооптор болгон эмес.

Бийлик бутактары президенттин жарлыгын аткарбай, талап кылынган маалыматтарды бербей, элдин суроо-талаптарын кош көңүл калтырып жатышканын айтышкан укук коргоочулар, элдин көбү бийликке таптакыр ишенбей калышканын айтышты. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мындай дейт:

- Элдер өкмөткө таптакыр ишенбей калышкан. Айылдагы чиновниктерден тартып Бишкектеги чоңдорго чейин. Анткени, айылдагы чиновниктерге барсаң да Бишкексиз эч нерсе кыла алышпайт, чече алышпайт. Ошол себептүү эл менен чиновниктердин ортосунда абдан чоң жарака бар. Ошол жарака күнүгө чоңоюп атат. Мыйзам жана ошол мамлекеттик институттар дегеле иштебей атат, 2005-жылдан кийин алар иштеп көнгөн эмес.

Бийлик органдарынын элди маалымат алуу укугунан куру жалак калтырып келатканына мисалы катары, былтыр жыл соңунда өткөн парламенттик шайлоонун толук жыйынтыктарынын бүгүнкү күнгө чейин жарыяланбаганын айтса болот. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, ушул маселенин айынан БШКны сотко берүүгө аргасыз болушканын айтты:

- Канча адам катышып, парламенттик шайлоо кайсы мыйзам менен кандай өттү, азыр отурган депутаттар мыйзамдуу отурушабы же жокпу булар далилдеп айтуулары керек. Мыйзам боюнча шайлоонун расмий жыйынтыктарын булар бериши керек.

Айрым бийлик өкүлдөрү элдин суроо-талаптарына көңүл бурулбай, маалымат алуу укугунун тебеленип жатканына башкаруу органдарында элди ойлогон мыкты кадрлардын жокко эсе экендиги менен түшүндүрүшөт. Туризм агенттигинин төрагасы Турусбек Мамашевдин пикири буга үндөш:

- Мен мына бийликте 2,5 жылдан бери иштеп атам. Бизге кайрылгандарды тез-аранын ичинде, эмне гана болбосун өз убагында жооп беребиз. Аны биз өкмөттөн үйрөнүп атабыз да. Бизге жогору жактан ушундай талап болот. Эми мындайлар болуп аткандыр. Бирок элди ойлогон, эл үчүн жанын берген кадрлар келмейинче Кыргызстан оңолбойт. Мен мына 2,5 жылдан бери эл үчүн ичкен-жегенин таштап коюп чуркаган кадрларды өтө аз көрүп атам. Мындай эли үчүн жанын берген кадрлар бизде жокко эсе. Дүйнө жүзүндө миллиарддай калкы бар элдер кандай өнүп-өсүп атышат. Себеби эмнеде? Кадр маселеси, кадрлар бардыгын чечет.
XS
SM
MD
LG