Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

7:00 Майлысуу шам заводунун жумушчулары иш таштоосун бүгүн да улантат


Бул тууралуу заводдун профсоюз комитетинин төрайымы Аваскан Арзыкулова “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда завод жетекчилиги иш таштаган жумушчуларга 21-мартка чейин ноябрь жана декабрь үчүн айлык акыларын төлөп берүүнү убада кылууда. Бул мөөнөттө январь айынын маянасын да төлөөнү талап кылган жумушчулар болсо иш таштоону токтотушкан жок. Кечээ иш таштаган жумушчулар менен заводдун ээси ВАВС компаниясынын вице-президенти Алексей Серихов жана Жалалабат облусунун губернатору Кошбай Масиров жолугушуп, сүйлөшүүлөр оңдуу натыйжа берген эмес. Майлысуу шам заводунун жумушчуларынын орточо айлыгы үч миң сомдон алты миң сомго чейин. (ZKo)

XS
SM
MD
LG