Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Дүйшөмбүдө Орусиялык “Газпром” ишканасы Украинага жаратылыш газын жөнөтүүнү кыскартканын билдирди. Эки тарап ортодогу акча төлөмдөрү боюнча талашты 3-мартка чейин чечүүгө тийиш эле, “Газпром” Украина көгүлтүр отун үчүн дагы 600 млн доллардай карызын кайтара элек деп эсептесе, Киев карызынан толугу менен кутулганын айтат.

Ошентип, Орусия 3-марттан тарта батыштагы коңшусу Украинага газ жөнөтүүнү азайтты, бирок башка Европалык өлкөлөр мурдагы өлчөмдө камсыздалат деп ишендирүүдө. Бул жаңылыкты жарыялаган “Газпром” мамлекеттик ишканасынын басма сөз өкүлү Сергей Куприянов Украина аймагында Европага бараткан газ орто жолдо уурдалып жатканын кошумчалады:

- Украинада документтерде катталбаган газды керектөө уланууда. Азырынча эки тарап ортосунда газ тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюла элек. Ошондуктан өз экономикалык кызыкчылыктарын коргош үчүн “Газпром” бүгүндөн тарта Украинанын өзүнө жөнөтүлчү газды 25%га азайтты.

Куприяновдун маалыматына удаа “Газпром” Украинага барчу газдын көлөмүн дагы 10%га азайтып, күнүнө 46 млн кубметр газ үнөмдөп жатканы жарыяланды.
Украиналык “Нафтогаз” ишканасынын өкүлү Юрий Корольчук ортодогу талашка ортомчулар күнөөлүү деген билдирүү жасады:

- “Газпромдун” жетекчилери бизге түшүндүргөндөй, алар Украина карызын төлөп бүтө элек деп эсептешет. Биз 2007-жыл үчүн карыздын баарынан кутулганбыз. Бирок азырынча “Нафтогаз” менен Киевдик “Укрхазэнерго” ортомчу компаниясы ортосунда талаш чечиле элек.

Москва коңшулаш өлкөгө газ берүүнү алгачкы жолу азайтып жаткан жок. 2006-жылы Украина карызын төлөбөй атат деп Газпром көгүлтүр отун жөнөтүүнү кыскартканда, Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө барчу газдын көлөмү азайып, Европадагы энергетикалык коопсуздук маселеси чоң талкуу жараткан. Андан кийин 2007-жылдын октябрь айында Газпром кайра ошол ыкманы колдоноорун айтып коркутканда, Киев жаратылыш газы үчүн 1 млрд 300 млн доллар төлөп берүүгө макул болуп чатак басылгансыган.

Бирок кайра февралдын башында Орусия Украиналык “Нафтогаз” ишканасы 1 жарым млрд доллар бересе экенин айтып, кыштын күнү көгүлтүр отун жөнөтүүнү кыскартаарын айтканда, эки тарап сүйлөшүп отуруп, Москва “Росукрэнерго” фирмасынын ортомчулук озуйпасын токтотууга макул болгон.

Декабрда “Газпром” Украина тарап жаратылыш газынын ар миң кубметри үчүн 179,5 доллардан төлөөгө макул болду деп жарыялаган, бирок ага удаа украин премьери Тимошенконун ортомчу фирмалардын коррупциялашкан жана акылга сыйбаган ишмердиги Киевди карзыга батырды деп нааразыланган.

Украина өзүнө керектүү газдын төрттөн бирин Орусиядан алат, калганы да Орусия аркылуу Борбор Азиядан барат. Азыр да Евробиримдик Москва менен Киевдин ортосундагы талашка тыкыр көз салып жатканы, Газпром Брюсселге газды жетиштүү өлчөмдө жеткирүү тууралуу кепилдик бергени маалымдалды.

Жаңыдан Орусиянын президенти болуп шайланган Дмитрий Медведев Украинага газ берүүнү кыскартуу чечимин колдоп, мурдагы советтик өлкөлөр Газпромдун жаңы бааларына көнүп, газ деген татынакай желим түтүктөн өзүнөн өзүн агып келбээрин түшүнүшү керек” деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG