Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:54

Арменияда өзгөчө абал сакталууда. Башкаала Еревандын көчөлөрүн аскерлер көзөмөлдөп жатат. Өзгөчө абал өлкөнүн кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президенти Роберт Кочерян тарабынан мындан эки күн мурда киргизилген эле. Анын алдында президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу оппозиция өткөрүп жаткан демонстрация кагылышуу менен аяктаган. Андан расмий маалыматка караганда, сегиз адам каза тапты, 130тан ашуун киши жаракат алды. Бул үчүн өкмөт менен оппозиция бири-бирин айыптоодо.

Кезектеги президенттик шайлоо Арменияда 19-февралда өткөн болчу. Ага тогуз талапкер катышып, бирок бийликтин талапкери, азыркы президент Роберт Кочеряндын жердеши жана ал өзүнүн мураскери катары эсептеген премьер-министр Серж Саркисян биринчи айлампадан эле жеңишке жетишкени жарыяланган. Ал добуштардын 53%, ал эми негизги атаандашы, өлкөнүн биринчи президенти Левон Тер-Петросян 21, 5 % алган. Шайлоого жергиликтүү да, эл аралык да байкоочулар катышып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өнөктүк көп жагынан эл аралык стандарттарга шайкеш өттү деген тыянагын чыгарган болчу.

Бирок добуштар бурмаланарын күн мурунтан эле эскертип келген оппозиция талапкери Левон Тер-Петросян жана анын жактоочулары шайлоонун расмий жыйынтыгына макул эместигин билдирип, Ереванда шайлоонун эртесинен тарта эле маал-маалы менен демонстрацияларды өткөрө баштаган.

Азыр Еревандын көчөлөрүн аскерлер көзөмөлдөөдө. Өзгөчө абалдын шарттарына ылайык, маалымат каражаттары ички саясий абал боюнча расмий кабарды гана колдоно алат, эл көп чогулган жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынат, жарандардын ары–бери каттоосу чектелет, ошондой эле күч органдары автоунааларды текшерүүгө укуктуу.

Левон Тер- Петросяндын пикиринде, өзгөчө абал анын массалык демонстрациялар аркылуу өкмөткө чакырык таштоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн киргизилди. Тер–Петросяндын ырастоосунда, ал азыр өзү үй камагында, үйү полициянын курчоосунда турат, тышка чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Өкмөт болсо оппозиция лидеринин кыймыл–аракетине эч кандай чектөө киргизбегенин, бирок өз коопсуздугу үчүн гана сыртка чыкпоо жөнүндө кеңеш берилгенин айтууда.

Тер–Петросян азырынча армян бийликтерине багышталган сынын басаңдата элек. Кабарчылар менен үйүнөн болгон маегинде алардын шайлоону жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо-арызын Конституциялык сот канааттандырарына ишене албасын, күрөштү аягына чейин улантарын белгиледи:

-Мен эми Конституциялык сот өзүн татыктуу кармаарына ишене албайм. Анткен менен биз берген материалдар өтө олуттуу. Шайлоону жараксыз деп табууга ошол материалдар эле жетиштүү болчу. Биз чегинбейбиз, мыйзамдын алкагында, Конституция жана мыйзамдар берген мүмкүнчүлүктүн алкагында акырына чейин күрөшөбүз.

Левон Тер–Петросян жана анын жактоочулары үч нерсени: 19-февралдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, добуштарды бурмалагандар жоопко тартылышын жана шайлоодон кийин саясий жүйөөдөн улам камакка алынгандардын баары бошотулушун талап кылууда.

Мунасанын белгиси азырынча өкмөт тараптан да байкалбайт. Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Сейран Оганян нааразылык акциясын кайрадан өткөрүү аракети жасалса, армия тийиштүү чара көрөрүн эскертти. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, камакка алынган 55 адамга карата кылмыш иши козголду.

Айтор, он күн бою тынч өтүп келген демонстрация кантип тополоңго айланып кеткени боюнча да өкмөт менен оппозициянын ырастоолору эки башка. Полиция жолго баррикада орнотуп, дүкөндөрдү тоной баштаган демонстранттардын тобуна гана чара көргөнүн айтса, оппозиция өкмөттү алардын арасына атайы провакаторлорду жибергени үчүн айыптоодо.

Оппозициянын эсебинде, кагылышуу учурунда каза тапкан жөн-жай адамдардын саны расмий маалыматтагыдан көп. Расмий маалымат боюнча кагылышуулар учурунда сегиз адам, анын ичинде бир полицей каза таап, 131 киши жаракат алган. Бул - 1998-жылы ал кездеги президент, азыркы талапкер Левон Тер-Петросянды бийликтен кетүүгө мажбур кылган козголоңдон кийинки эң ири кагылышуу болду.

Кошмо Штаттар, Европа кеңеши, ЕККУ уюму тараптарды сабырдуулука жана саясий диалог жүргүзүүгө чакырды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG