Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

4-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз ССР искусство чеберлеринин биринчи республикалык чогулушу 1948-жылдын 4-мартында соңуна чыкты. Кыргыз ССРинин Жогорку соту 1983-жылдын 4-мартында «политехник» аталган чуулгандуу окуянын аткаруучуларына жаза өкүмүн чыгарды.

Фрунзе шаарындагы «ТРАМ» аталган биринчи жаштар театры 1928-жылдын 4-мартында салтанат менен ачылган. Жаңы театрды искусство ишин жанындай сүйгөн-Мыльников, Поселянин, Еленин, Гордый, Осман жана Сумительновдор жетектешкен.

Кыргыз АССРинин Башкы соту 1936-жылдын 4-мартында Каракол кантонунун мурдагы соту Токтогуловдун иши боюнча өкүм чыгарды. Экс-сотко Түштүк Ысык көлдөгү айрым сот иштерин бурмалап, калктан пара алат деген айып коюлган. Сот иши 18 күнгө уланып акыры март айынын башталышында Башкы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Кыргыз ССР искусство чеберлеринин биринчи республикалык чогулушу 1948-жылдын 4-мартында соңуна чыкты.

Кыргыз ССРинин Жогорку соту 1983-жылдын 4-мартында «политехник» аталган чуулгандуу окуянын аткаруучуларына жаза өкүмүн чыгарды. «Өнүккөн социализмдин» «кой үстүнө жумуртка уялаган» убагында ашынган каракчылар Фрунзе политехникалык институтунун кассасынан 70 миң рубль акча уурдашкан. Кассадагы акчаны уурдоо аракети чак түштө жасалгандыктан, советтик бийликтин жабык маалымдоо шартында ал коомчулуктун оозуна алынып, дастандай айтылган. Мындан тышкары, ушул эле бандиттик топ тарабынан шаардык ювелир Глазунов менен асфальт-бетондук заводдун башкы инженери Бреннердин өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Жогорку сот бандиттик топтун үч өкүлүнө өлүм жазасын чыгарып, калган экөөнү ар бирин 10 жана 8 жылга эркинен ажыраткан.

«Социализмдин өнүгүшү таптык күрөштүн курчушуна алып келет» деген сталиндик жободон улам, XX кылымдын 30 жж. тарта Кыргызстандын билим адамдарына каршы куугунтук иши баштатылган. Айрыкча партиялык буйрукчул системадан адабият жана маданият тармагында эмгектенген чыгармачыл адамдар запкы көргөн.

Кыргыз обком секретариатында 1932-жылдын 4-март күнү өткөн жыйында кыргыз адабиятында орун алган «өксүктөр» талкууланган. Негизги баяндамачы катары сүйлөгөн Жаманкуловдун билдирүүсүнө ылайык кыргыз адабиятында орун алган кемчиликтерди жоюу максатында «Кыргыз адабияты жөнүндө» атайын резолюция кабыл алынган.

Резолюцияда К. Тыныстанов «алаш-ордочул контрревоюциялык, буржуазиячыл-улутчулдук идеяларды» кыргыз адабиятына алып келген; ал эми Көкөнөв, Карачев, Кененсарин ж. б. пролетариатка жана анын авангарды эсептелген коммунисттик партияга каршы бай-манаптык идеологияны таңуулаган чыгармаларды жаратышып, К. Тыныстановдун ырлар жыйнагы мындан ары пайдаланылбасын деген токтом кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG