Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

Постсоветтик өлкөлөрдүн дээрлик баарында сөз эркиндигине шарт түзүү, аны өркүндөтүү жайында мыкты дегидей мыйзамдык негиз түзүлгөн. Бирок да анын ишке ашырылышы жайында толгон-токой тоскоолдор жасалып жатканы, атүгүл кийинки жылдары сөз эркиндигине кысым күчөп баратканы арбын айтылууда. Кабарчыбыз Бекташ Шамшиев сөз эркиндиги тууралуу британиялык «ВВС» радиосунун продюсери Марк Григорян менен корпорациянын долбоорлор жетекчиси Марек Бекерманды кепке тарткан.

-Марк Григорян мырза, Кыргызстанга көп келем, деп жатасыз. Бийлик алмашкандан кийин бул жерде кандай өзгөрүүлөр болгонун байкай алдыңызбы?

- Биз саясатты таштап сөз эркиндиги тууралуу кеп кылабыз деп убадалашпадык беле. Менин кайсы бир жалпы байкоолорду айтканга чамам жок. Себеби убактымдын баары иш менен мынабул төрт дубалдын ичинде өтүүдө. Албетте Кыргызстан тууралуу маалыматтарды окуп турам, анын үстүнө ишим боюнча да бул жерде болуп жаткандарды билип турууга милдеттүүмүн. Анан да өз пикиримди азырынча айтпай эле турайын. Бир байкаганым, шаарда сауна, бильярд, казино жайлар көбөйүп кетиптир.

-Марек мырза, сиз Польшанын да атуулусуз, ушу тапта Улуу Британияда иштеп жатасыз. Сиздин оюңузча, мурдагы менен азыркынын айырмасы кандай?

- Менин журналисттик ишим Батыш өлкөсүндө өтүүдө. “Би-Би-Сиде” иштегениме 18 жыл болду. Мага коммунизм урагандан кийинки Польшада болуп жаткан өзгөрүүлөрдү изилдөө жагат. “Би-Би-Сиде” 15 жыл иштеген соң Польшага келип ал жерде болуп жаткандарга байкоо салдым.

Ошондой эле жагдай-шартты мен Кыргызстанга келгенде да байкадым. Мен ойлойм, Кыргызстан деле Польша башынан кечирген деңгээлде турат. Польша да ушул жолду басып өткөн. 90-жылдардын башында мен Польшаны ичин кыдырып көргөндөн коркчумун. Баары башаламан, талаш-тартышка басылып жатса, азыр Польша Батыш стандарттарына жакындап, абдан тез өзгөрүлдү.

Бул экономикалык эмес, саясий прогресстин натыйжасында жетишилген ийгилик. Ири инвестициялар агылып келе баштаганда экономика ыкчам көтөрүлүп, ал артынан сөз эркиндигине шарт түзүп берди. Көз карандысыз ири маалымат каражаттары болгондо журналисттердин иштөөсүнө жакшы шарт түзүлөт. Менин оюмча, Кыргызстан менен Борбор Азияда журналисттердин иштөөсүнө жетиштүү шарттар түзүлгөн эмес. Мындай шартта маалымдоо каражаттарын реформалоо, жаңылоо кыйын. Жалаң саясий шарттардын экономикалык өбөлгө жок жерде иштеп кетиши кыйын.



- Марк, эми Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу кепке өтсөк. Сиз аны кандай деп баалар элеңиз? Революциядан кийин бул жаатта жагдай жакшы жагына оодубу же кайсы бир проблемалар дагы эле калдыбы?

-Проблемалар толтура. Сөз эркиндиги проблемасы бардык жерде кезигет. Бул жагынан Кыргызстан башкалардан айырмаланбайт. Кыргызстандын постсоветтик өлкөлөрдөн өзгөчөлөнгөн жери жок. Постсоветтик өлкөлөр сөз эркиндиги проблемасы боюнча бир багытта турушат десем болот. Мен алардын ичинен Украина менен Грузияны бөлүп көрсөтөр элем. Бул жерлерде жагдайды чындап өзгөртүү аракеттери болууда. Грузияда азыр мындан бир жыл мурда азыркысына салыштырмалу абал дурус болчу. Ал жерде мыйзам негизинде мамлекеттик маалымдоо каражаттарын ачууга тыюу салынган. Башка өлкөлөрдө ал да жок.

Проблеманын кош өңүтү бар. Маалымат каражат ээлери өз шарттарын коюп, кимди сындап, кимди мактоо керектигин талап кылышат. Анан да журналистиканын өзүнүн кесиптик камылгасында олуттуу дегидей проблемалары турат. Кесиптик камылга да аягында барып сөз эркиндигине байланышат.

- Марек мырза, Борбор Азия көбүнесе Орусиянын маалымат мейкинине жакын, ошонун таасиринде калууда. Ошондон улам Орусиянын маалымат саясаты кескин реформаланбайын бул жерде өзгөрүүлөрдүн болушу кыйын деген пикирге сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мен бул тууралуу так айталбайм. Себеп дегенде, орусиялык же орус тилдүү журналистиканын азыркы абалы тууралуу кабарым аз. Бирок да андай ачык таасирди мен Азербайжандан байкадым. Орусия маалымдоо каражаттары Батыш же азыркы маалымдоо каражаттарынын сырт сөлөкөтүн - форматын көчүрүп өткөндү жакшы көрүшөт. Нака сөз эркиндигинин абалына алар анча деле кызыгышпайт. Алар негизги принципти байкамаксанга салышат же жуутпай коюшат.

Ички мазмуну, философиясы жок жөнөкөй көчүрүп коюудан эч нерсе өзгөрбөйт. Жалаң үгүт-насаатка негизделген саясаттын үстөмдүгү коркунуч туудурат. Негизи форма менен мазмундун шайкеш келгени маанилүү.

- Марк, жана сиз сөз арасында кесиптик камылга жөнүндө айттыңыз. Ошол оюңузду чечмелей кетесизби? Кантсе да биздин журналистикада мурдагы советтик салттын саркындылары сакталып турат. Алдагыдай тоскоолдон биротоло кутулуп чыгыш үчүн кыйла убакыт талап кылынат, сиз кандай ойдосуз?

- Мен муну башкача айтар элем. Азыр жаңы муун журналисттер келүүдө. Жапжаш жигиттер менен кыздар советтик салт-санааны билишпейт. Алар журналисттик билимди советтик түзүлүш кулагандан кийинки жогорку окуу жайлардан алышкан. Бул жерде проблема советтик өткөн чакка байланыштуу эмес, маселе мыкты журналисттик кесипке суроо-талап болбой калгандыгында. Бул эми көп жактуу маселе. Мисалы, гезиттердин нускасы азайып кетти. Гезиттер аз окулуп калды. Анын себеби окурмандар аз окуп калгандыгынан эмес, журналисттер окурмандардын талабынан канааттандыра албай калышына байланыштуу.

-Анын себеби?

- Анын себеби күндөлүк турмуштук маселелердин аз чагылдырылышына байланыштуубу деп ойлойм. Биз азыр эмне үчүн балдардын турмушун, көчөдө калган өспүрүмдөрдүн, үй-бүлөдөгү уруш-жаңжалды кантип чагылдыруунун ыкмасын үйрөнүп жатабыз? Балдар окуудан өксүп, базарда жүрүшөт. Өз саламаттыгына көңүл бурган коом үчүн бул кайдыгер карачу темалардан эмес. Алар гезиттин биринчи бетинде турушу зарыл. Эгер ал козголбосо бул журналисттик кесиптин проблемасы.

- Марек мырза, 3 жылдан бери Кыргызстанда коомдук телекөрсөтүү, радио жөнүндө кеп болуп эле келатат. Бирок анын ордунан жылганы көрүнбөйт.

- КМШ мамлекеттеринде коомдук телекөрсөтүү, радиоуктуруу түзүү жөнүндө чынында эле сөз көп болот. Ошол эле учурда мамлекеттик бийликтин таасирин жоготуп алабызбы деп коркуп жатышканын баамдоого болот. Сөз эркиндиги орноп калса оппозицияга шарт түзүлүп кетеби деп чочулашат. Эл телекөрсөтүү менен радио уктурууну чындап өз алдынча, башкаларга көз каранды болбошун каалайт. Сөз эркиндигине шарт түзүп бериш керек.

Саясий темалар талкууга алынып жатканда эч кандай чек коюлбаса, коомдо болуп жаткан окуялар ачык талданбаса, аркыл көз караштар айтылбаса, андай коомдук телерадио мамлекет ээлигинен жарым-жартылай бошонгон кызмат болуп калат.



- Ушуга улай дагы бир суроо сөз эркиндигинин Борбор Азиядагы азыркы абалы тууралуу пикириңизди да айта кетсеңиз.

- Бул жөнүндө Марк жакшы айтты. Менин кошумчаларым, бийликтегилердин азырынча сөз эркиндиги тууралуу так түшүнүгү жок. Батыш менен эларалык уюмдарга сөз эркиндиги бар дешип, өлкө ичинде болсо сөз эркиндигине кенен орун беришпейт. Ошол чектен чыгууга уруксат жок. Андайда журналисттер өзүнө коркунуч келтирбегидей темалар менен сюжеттерди айланчыктап калышат. Чектен чыкканды “Болбойт!” деген эскертүү күтүп турат. Чектен чыкпайсың. Муну адамдар байкабай калышы мүмкүн эмес. Калпты алар оңой эле баамдап коюшат.

Президент айтканды кайталап коюу жаңылык эмес. Жаңылыктан качуу, аны бурмалоонун келечеги жок. Башка маалымдоо каражаттары, Интернет аркылуу өлкөсүндө эмне болуп жатканын эл баары бир билип алат. Ошондо кайсы маалымдоо каражатынын кандайлыгы ачыкка чыгып калат.

- Марк, Кыргызстанда негизинен саясий темага көбүрөөк көңүл бурулат. Аны эл көп окуйт дешет. Сиз да ошондой ойдосузбу?

- Бул жерден байкаганым ушул болду. Чын эле ошондой экен. Азыр журналистика абдан саясатташып кетти. Бир учурда коом да аябай саясатчыл болуп кеткен эле. Коом азыр саясаттан кайтууда, журналистика гана андан баш тарта албай олтурат. Бул дагы өзүнчө бир проблема. Адамдардын гезит окугусу келбей жатышынын бир себеби да ушул. Белгилүү адам укугун коргоочунун акыйкатчы болуп шайланышы, мурдагысынын кетиши окурман үчүн анча деле кызыктуу эмес. Элге өз турмушуна жакын нерселер жагат.

- Марк, азыр кыргыз журналистикасында Батыш журналистикасынын, эл аралык стандартка өтүүнүн мааниси жөнүндө көп айтылат. Мына ушул стандарттар тууралуу айта кетсеңиз, өзү орток стандарт барбы?

- Мен журналистика тууралуу китеп жазгам. Ошондо Батыш журналисттери менен постсоветтик өлкөлөрдө теманы чагылдыруунун айырмасын салыштырып көрсөткөм. Менимче азыр жалаң эле стандарттар эмес, аркыл салттар тууралуу кеп болууда. Биз аны аңдап, аны эстен чыгарбашыбыз керек. Университеттерде студенттерди жаңылыкты аңтарылган пирамида тибинде жазуу керектигин канча үйрөтпөйлү, окууну аяктагандан кийин алардын ошол системада жазып кетиш кыйын. Себеби алар иштеген агенттиктерде андай талап коюлбайт.

- Марк, Сиздин журналистикага келишиңизге кандай жагдайлар түрткү берген?

- Мен журналистикага 1993-жылы келдим. Бир күнү атам өмүр бою көксөгөн тилеги ишке ашканын айтып, мага өзү башкарчу гезиттин башкы редакторунун орунбасары кызматын сунуштады. Атам эгер мен орунбасарлыкка макул болбосом башкы редакторлуктан баш тарта тургандыгын айтты. Ошентип айла жок журналистикага кирип, ишти башкы редакторго орунбасарлыктан баштадым. Жарым жылдан кийин гезиттин башкы редактору болдум. Анан уланып кетти. Мен журналист болсом деп кыялданчу эмесмин. Ошондой болуп кетти.

-Марек мырза, Борбор Азияда Батыш маалымдоо каражаттарынын кыйласы туруктуу иштейт. Бул жагдай жергиликтүү журналистиканын тезирээк реформаланышына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

- Ачыгын айтыш керек. Орус тилдүү маалымдоо каражаттарынын бул жердеги бекем орду чет элдик маалымдоо каражаттарынын таасирин азайтат. Ал эми маалымдоо каражаттарын кантип жаңылоо, реформалоо керектигин менин айтышым кыйын. Көнүмүш маалымат мейкини дагы кыйлага созулушу мүмкүн. Анткен менен чөлкөмдө азыркы заман талап кылган усулдарга, ыкмаларга өтүү аракети жүрүүдө. Аракет качан ишке ашарын мен так айта албайм. Бирок да ага жетүү аракетинде бул жерде иштеп жүрөм.
XS
SM
MD
LG