Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Өлкөдөгү саясий абал, президент К.Бакиевдин Германияга эс алууга кетиши жана конструктивдүү оппозиция тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов жооп берди.

-Өлкөдөгү оппозиция бир катар саясий жүрүштөрдү даярдап жаткан шартта, президент Курманбек Бакиев Германияга эс алууга кетти. Анын басма сөз катчысы Бакиевдин немис жергесинде медициналык-профилактикалык текшерүүдөн өтүшү ыктымалдыгын билдирип, президенттин ден-соолугу тууралуу түкшүмөлдөрдү ого бетер жандантты. Эмне үчүн текшерилүүгө ушул азыркы мезгил тандалып алынды?

-Эми аны ким билет? Балким анын ден-соолугу ошого жол ачып берди. Ошондуктан мындан деле бир чоң саясий окуяны чыгарбай, аны жөнөкөй эле эле кабыл алса болот.

-Президенттин убактылуу жоктугу өлкөдөгү кырдаалга кандай таасирин тийгизет?

-Азыркы учурда президент мамлекеттин ичинде барбы же жокпу, бул көп деле ички абалга таасир этпейт. Эмне үчүн дегенде президент кетип калганы менен, бирок бул жакта премьер-министр турбайбы. Өзүнүн администрациясы бар. Ошондуктан жалпысынан айтканда Кыргызстанды мурунку режимдегидей эле бир топ башкарып жатат. Ошондуктан кырдаал өтө деле өзгөрбөйт.

-Мамлекет башчынын ден-соолугу бул мамлекеттик сыр болушу керекпи, же АКШ, Батыш өлкөлөрүндөй ачыкталып, кирешеси тууралуу декларация тапшыргандай эле маалымат берилип турушу керекпи?

-Эми азыркы учурда чоң бийликте турган адамдар бардыгы эле ачыктыктан алыстап, качып жүрбөйбү. Ошондуктан сиз айткандай, сөзсүз мамлекет башчысынын ден-соолугу жөнүндө эл так жана кенен маалымат алышы керек, билишибиз керек эмне болуп жатканын.

-Бийлик менен оппозициянын тирешүүсү кайрадан жанданып келе жатат. Мына оппозициянын радикалдуу канаты болгон революциялык комитет 24-мартка чейин мөөнөт коюп, андан кийин чечкиндүү кадамдарга барышы мүмкүндүгүн билдирип жатат. Мына ушул кадамдар өлкөдөгү кырдаалды канчалык деңгээлде курчутууга алып келет?

-Эгерде азык-түлүккө баа көтөрүлүп, кризис күчөп кетпесе эле андай болбойт. Болбосо мурдагыдай эле радикалдуу оппозиция адамдардын арасында күтүү жаратып, эч нерсеге жетпей калышы мүмкүн. Бирок ошол оппозиция уюштуруп жаткан ар кандай окуяларга дагы жөнөкөй эле караш керек. Анан “бир нерсе болуп кетет” деген коом арасында түшүнүктөр таралып жатат. Менимче, эч нерсе деле болбойт.

-Өзүн конструктивдик оппозиция деп атаган Социал-демократиялык партиясы азыркы шартта бийликке жана оппозицияга карата өзүнүн позициясын кандай кармап турат?

-Биз түшүнүп жатабыз, бийликтин аты өзгөргөнү менен заты өзгөргөн жок. Бирок конструктивдүү дегенди биз мындай түшүнөбүз: жалпы системаны өзгөртүш керек. Азыркы учурда бийлик системасы эски боюнча эле калды. Мен азыр деле айткым келет, тилекке каршы, Кыргызстанда уурулардын бийлиги түзүлүп калган. Азыр деле Кыргызстандын байлыгы тонолуп жатат. Ошондуктан ушуну түпкү тамырынан өзгөртүш керек. Андыктан биз мыйзам базасын жана жалпы саясий системаны таптакыр башкача кылышыбыз керек.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG