Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Өлкөдөгү кырдаал боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

-Расмий бийлик өлкөдө саясий туруктуулук орногонун айтып келүүдө. Сиздин байкооңуз боюнча абал канчалык туруктуу?

-Бийликтин туруктуулук орноду дегенинин негизинде чындык бар. Себеби мурункудай митинг-пикеттер, ачкачылык жарыялоолор азайып, жок болуп калды десек болот. Ошону туруктуулук десек болот. Эми туруктуулуктун артында эмне жатат, мына кеп ушунда. Бул туруктуулукту камсыз кылыш үчүн оппозицияга кысым катуу болду. Оппозициянын бир бөлүгү бийлик тарапка мурда эле, шайлоонун алдында өтүп кетти. Калгандары болсо “бийликке киришпейбиз, биз бийликтен четтедик” деп жарыялап, ушундай акыбал түзүлүп калды дагы, оппозиция алсырап калды. Бул оппозиция ушул бойдон жоюлуп кетет дегенди билдирбейт.

-Демек саясий туруктуулук кайсы бир деңгээлде бар экен. Бирок оппозиция жазгы саясий кадамдарын жарыялады. Алар 29-мартта курултай, Аксы окуясы боюнча элдик сот өткөрүп, 24-мартка чейин президентке ыңкылаптардын талаптарын аткаруунун мөөнөттөрүн коюшту. Ушул акциялар саясий кырдаалдын курчушуна потенциалдуу себепкер болуп бере алабы?

-Бул бийлик менен оппозициянын саясий акцияларга карата мамилесине жараша болот. Эгерде ошол акциялар бийлик тарабынан түшүнүү менен кабыл алынып, ошол кризистен чогуу чыгуунун жолдору иштелип чыкса, бул акыбалдан тынч чыгууга болот. Бул жерден бир нерсени айта кетүү керек: бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог болушу керек. Бийлик көп учурда күчкө таянып жатат. Ошон үчүн акыбал курчуп кетиши мүмкүн. Бул жерден оппозициянын талаптары адилеттүү болуп жатат. Себеби элдин талаптары коюлуп жатат. Бул жерде “кетсин” деген маанайдагы эч кандай мыйзамсыз талаптар жок. Ошон үчүн бул кадамдар бири-бирине карай жасалышы керек. Ушуну биздин бийлик өздөштүрө албай жатат.

-Ушундай шартта бири президент Германияга эс алууга кетти дейт, башкасы медициналык текшерүүгө кетти деген пикирде. Ушундай эки версия бар. Кайсынысы чындыкка жакын?

-Бизде бир менталитетибизди эске алышыбыз керек. Батышта кызматка алаарда ден-соолугу текшерилип, расмий жарыяланып, белгилүү болот. Бизде болсо бул жагына эч кандай көңүл бурулбайт, ошондуктан ар кандай адамдар бийликке келип калышы мүмкүн. Эми бул маселенин бир жагы. Кыргызга “кандай?” десең, ден-соолугу начар болсо деле “жакшы” деп жооп берет.

Бекназаров айтып жатат, “бул бир балээ болгон турат, Акаев дагы жок болуп калып, Аксы окуясы болду эле” деп. Биздин бийликтин өкүлдөрү азыр “мен жок элем” дейт. Ушул жерде туруп эле мен билген эмесмин деп айтып койгон учурлар болуп жатпайбы. 2005-жылы маркум Рыспек митинг уюштурганда, биздин бийлик башындагы кээ бир адамдар Бишкекте туруп эле “мен уккан эмесмин” деп айтышпады беле. “Германияда элем, мен билбей калдым” деген кооптонууга негиз жок. Экинчиден, президент кайда жүрсө дагы эч качан анын мойнунан мамлекеттеги акыбалдарга жоопкерчилик алынбайт. Аксы окуясы боюнча Акаевди коомчулук “Акаев президент болуп турганда кан төгүлгөн” деп күнөөлөп жатпайбы. Эми сот баасын бербей жатат. Ушул маселеге чекит коюлса, прецедент түзүлөт эле.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG