Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

12:25 Кыргыз мигранттарына каршы жасалган кылмыш иштери Орусия ТИМинин көзөмөлүндө


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, мындай маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы жана орун басары Григорий Карасин бүгүн Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Райымкул Аттокуров менен жолугушууда билдирди. Андан тышкары ал ксенофобиянын көрүнүштөрүн жоюуга Орусия катуу көңүл буруп жаткандыгын баса белгилеген. Райымкул Аттокуров болсо Орусиянын “Газпром”, “Ренова” компаниялары менен “Внешторгбанктын”, “Рособоронэкспорт” ишканасынын Кыргызстандагы ишкердүүлүгүн талкуулап, эки өлкөнүн азыр көлөмү 1 миллиард 200 миллион доллар түзгөн соода-экономикалык алакасы жогорулай тургандыгына ишенгендигин билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG