Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

ОРУС МАХОРКАСЫН ЖЫТТАСА ЭЛЕ, КЫРГЫЗСТАН ЧҮЧКҮРӨ БАШТАЙТ


Россия махоркасын жыттады дегиче Борбор Азия, бөтөнчө Кыргызстан тынбай чүчкүрө баштайт. Эсеби маселең, В.Путин “башкарма демократия” базасында Россияга авторитардык бийлик орнотту. Федералдык бийлиги бекемделди, ири бизнестери алсырады, либералдык кыймыл, эркин маалымат каражаттары ооздукталды деп белгилеген “Агым” гезитинин баяндамачысы Алым Токтомушев гезиттеги “Россия тажрыйбасы жана таалими” макаласында Кыргызстанда да ашынган авторитардык бийлик орногону эки өйүздөн тең айтылып атканын, бул орою суук ордомут Казакстан менен Россиянын тескери таасиринен улам жаралганын, бирок бизде Россия менен Казакстандыкындай ресурс жоктугун, пенсия, айлык, пособие менен ач-жылаңач элди алаксытар ал-күч али мамлекетке кире электигин, же Путин менен Назарбаев өңдүү улуттук масштабдагы лидер ким экени жогун, ал эми мамлекеттик чиновниктер болсо жердешчиликке, тууганчылыкка жараша тандалып атканын, ошон үчүн регион-регион, уруу-уруу болуп бөлүнүү күчөгөнүнө элдин көңүлүн бурду.

“Де-факто” гезити Казакстан жакында буудайдын баасын 90 центтен 12 долларга көтөрдү, Орусия болсо тоннасына 105 евро төлөйт, муну кыргыздардын нан базарына которсок 1 лепешка 9-10 сомго чыгат дегенди түшүндүрөт. Азыр бизде 1-сорттогу ундун 1 кили 20 сом. Кийинки жумада ундун баасы кымбаттайт дешүүдө. Ошентип энергия баасы 10 пайызга, транспорт баасы 45 пайызга, азык-түлүк баасы 20 пайызга кымбаттайт деп маалымдап, өкмөтүбүз бирдеме болсо эле “дүйнөлүк баа өсүп жататты” бетине кармай койгонду жакшы көрөт.

Ошол эле убакта элдин жонун тилип айлык жеп олтурган эбегейсиз Айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги быйыл да шал бойдон. Азык-түлүк коопсуздугун коргой албайт. Июнга чейин жете турган эгиндин жарымы делген 50 миң тонна буудайды Казакстан бермек, бирок казактар жериңерди берсеңер анан буудай беребиз кыязын баштады. Айтор март этегинен тарта кайрадан кымбатчылык каптаганы калды деп белгиледи. Гезит мындан тышкары Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин бөйрөгү катуу ооруп Германияга дарыланганы кетти деп маалымдады.

“Аалам” гезити философ Койчуке Канаевдин “Артка карай алга” деген макаласын жарыялады. Автор анда, эми кеп ушуга жетти - кыргыздын азыр унутулбаса да, өзүнүн жигердүү саясый ролун жоготуп, мокотуп, оң канат, сол канат, ичкилик өңдүү уруулук бирикмелерин саясый жактан реанимациялоо, тирилтүү демилгелерин көтөрө баштаганын, мындай демилгелер акыр аягы барып өлкөнүн турукташуусуна залакасын тийгизээрин, уруучулукту кайрадан жандандыруу аракет канчалык жакшы тилектер менен коштолгон күндө дагы регрессивдүү, артты көздөй шилтенген кадам экендигин эскертти.


Ушул эле гезит жаңы жыл алдында ИИМ жетекчилиги толугу менен алмашканынын бир себеби-анын министри Б.Ногойбаевдин кызматтан кетишине “өзгөчө белек” себеп болсо, орун басарлары Гуронов менен Раимбердиевдин кетишине баңгизат себеп болгонун кайрадан эске салып, баарынан түшүнүксүзү деп жазат, кесилген кулак менен сөөмөйгө тиешеси бар делинген милийсалар камалып, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси орунбасарлары менен кызматтан алынган. Анан эле аларды таап, аныктаган министр Ногойбаевдин өзүнүн кызматсыз калганы таң калыштуу болсо, ошол эле Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн айыпталып аткан эки кызматкери дайынсыз жоголуп, эски министрдин буйругу менен ээрден шыпырылган раймилийса жетекчилери жаңы министр Молдомуса Коңгантиевдин буйругу менен кайрадан ээрге минип калышы андан бетер таң калыштуу болду.

Ал эми мурдагы министрдин орун басарлары Гуронов менен Раимбердиевдин иштен айдалышы милийсанын балдарынын, тагыраак айтканда отставкадагы генералдардын балдарынын 300 килограммдан ашуун жогорку сапаттагы баңгизаттар менен кармалганы себеп болууда дешүүдө. Эң кызыгы демейде 300 килограмм эмес, 100-200 грамм баңгизат менен камалгандар адатта камактан чыгарылбай келсе, бу жолу Жогорку Сот жогорудагы окуяга байланышкан милийсалардан тил кат алып бошотуп ийгени маалым болду. Андан да баңгизаттын салмагы баштапкы 300 килограммдан 176 килограмм болуп азайтылган. Кыскасы, кызыл шапкечендерди эркиндикке чыгаргандар жогорку жактагы өтө таасирдүү адамдар болсо керек деп жазды. Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG