Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

14:00 Майлысуудагы заводдо эркин журналисттердин ишине тоскоолдук болду


Мындай тоскоолдук кечээ “Азаттык” үналгысы менен “Сентябрь” телеканалынын кабарчыларына жасалды. Аларга беш күндөн бери иш таштоо болуп жаткан цехтерге кирип, жумушчулардын талабын билүүгө уруксаат берилген жок. Заводдун кире беришинде башкы деректирдин уруксатын күтүп турган "Сентябрь" телеканалынын операторун ишкананын коопсуздук кызматынын өкүлүбүз деген адамдар сыртка чыгууга мажбурлап, кызматтын башчысымын деп, бирок атын атабаган адам камерасын тартып алууга аракет кылды. Ал эми иш ташатаган жумушчулар менен губернатор жана шаар мэри жолугушкандыгын, алар менен кошо барган мамлекеттик телекомпаниянын журналисттери заводдун иш таштаган жумушчуларын эмес, иштеп жаткан цехтерин тартып алганын билдиришти. Жолугушууда эмне сөз болгону тууралуу губернатор менен шаар мэринен жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG