Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

МАРТ ОКУЯСЫ: АКАЕВ-БАКИЕВ САЯСАТЫ


“Азаттык” үналгысынын март ыңкылабынын үч жылдыгына арналган кезектеги түрмөгү Кыргызстандын президенттери Аскар Акаев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/03/D957A309-3685-4981-A3FA-2CA69F5B7E84.asp менен Курманбек Бакиевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/03/8518DA22-CEC9-4A9A-9CA3-7069244DD958.asp саясаттарындагы окшоштуктар жана айырмачылыктар тууралуу болду.

Өлкөнү башкарган үч жылдын ичинен президент Курманбек Бакиев үчүн акыркы 2007-жыл жемиштүү болду. Талап-тоноочулук, буюртма киши өлтүрүүлөр, кылмыш дүйнөсүнүн ачыкка чыгышы, мүлктөрдү кайра бөлүштүрүү, саясий, экономикалык кырдаалдын начарлашы, массалык нааразылыктар менен коштолгон мурдагы эки жыл ыңкылап алып келген президенттин мамлекетти башкарышына кыйла тоскоолдуктарды жараткан.

Март ыңкылабынан кийинки өлкөнү башкаруу саясатына сын көз менен карап турган тышкаркы өнөктөштөр Бакиевди колдоого ала баштагандыгы ШКУнун Бишкек саммитинен кийин кадырэсе байкалды. Президент Бакиев ыкчамдык менен президенттик бийликти күчтөндүрүү максатында жарым жыл аралыгында Конституцияны референдум аркылуу алдыртып, саясий партия түзүп, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүүгө жетишти.

Азыркы тапта президент Курманбек Бакиев эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар тарабынан авторитардык башкарууну орнотууга бет алган президент катары кепке алынууда. Бул жагынан Бакиев өзүнүн мурдагы кесиптеши Аскар Акаевдин жолуна түшмөк тургай, анын ыкмасын ыкчамдык менен өздөштүрүп жатат деген көз караш Бакиевге атаандаш саясатчылар тарабынан арбын айтылууда.


Жусупжан Жээнбеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев

Алардын бири - президент Акаевдин ишенимдүү кадрларынын бири, мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев:

-Акаев 15 жылда жасаган катачылыктын бардыгын азыркы бийлик дагы “махровый” боек менен жасап жатат.



Акаевге оппозицияда жүргөн, Бакиевге оппозицияга чыккандыгын алгачкылардан жарыялаган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да «Азаттык» менен оюн бөлүштү:

-Алар өзүнүн жакындарынын, үйбүлөсүнүн кеңешин мамлекеттик бийлик органдарынан жогору койгондугунда. Расмий эмес чечим чыгаруучу топтордун күчү бүгүнкү күндө Акаевдин учурунда кандай болсо, азыр андан дагы ашып турган чагы. Экинчиси, Акаевдин чийип берген жолу менен Бакиев иш алып кетүүдө. Бул бир бийлик жеке адамдын бийлигин күчөтүү жалган референдум, адилетсиз шайлоолор менен өз бийлигин бекемдөө.

Албетте өз кезегинде мурдагы президент да, азыркы президент да мамлекетти башкаруу ыкмасына карата айтылган сын-пикирлерге бийлик талашуунун бир көрүнүшү катары карап, өздөрүн элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына берилген мамлекеттик ишмерлер катары белгилеп келишкен.

Акаевден айырмаланып, Бакиев мамлекетти башкарууну колуна алары менен берген алгачкы убадаларынын бири үйбүлөсүн, анын ичинде жубайын саясатка аралаштырбоо болчу. Кийинчирээк Бакиев биртуугандарын жооптуу кызматтарга жайгаштыргандыгы үчүн оппозициянын жаалданган сынына кабылып, президент бул жаатта кызматтагы уулу менен биртуугандарын коргоого алууга аргасыз болгон.

Анткен менен, ыңкылаптын күжүрмөн катышуучуларынын бири, СДПнын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбековдун айтымында, мамлекетти башкарууга Бакиевдин жакындары киришип жүргөнү тууралуу эл арасында сөз көп:

-Акаев балким 7 жылдан кийин балдары чоңойгондон кийин аралаша баштаган, азыркы кундө эл арасында ушундай сөз көп, өзүм дагы угуп жатам, бакиевде азыртадан аралаша баштады.

Адегенде демократия аралчасын курду деп эл аралык коомчулукта оозго алынган Аскар Акаев да мамлекетти үйбүлөсү менен чогуу башкарып жатат деген дооматка кабылып, кийинчирээк тактан тайып, чет жерде баш калкалоого аргасыз болду.



Бийлигинин акыркы жылдары үй-бүлөсүн мамлекеттик саясатка тартынбай аралаштырган Акаев үй-бүлөсүн маалымат каражаттарынын жаалынан коргоп, шайлоо маалында кызы Берметтин кызыкчылыгы үчүн ачык эле үгүт иштерине катышкан:

-Акыркы жылдары чынында эле ал коомдук иштер жана саясий курулуш менен алектене баштады. Ал ийгиликке жетишкен жаш ишкерлерден, реформанын шартында билим, тарбия алган мамлекеттик кызматкерлерден куралган партия кургусу келип жатат, - деген Акаев 2005-жылкы парламенттик шайлоо алдында түз эфирде сүйлөп жатып.

Анда Бермет Акаева түздү деп саналып, бирок расмий жарыяланбай жүргөн бийликтин «Алга, Кыргызстан» партиясы толук кандуу ишке киришкен болчу. Жеке өзүнүн бийлигин бекемдөөчү бийлик партиясын түзүү жагынан Кыргызстандын экинчи президенти биринчи президенттен алда канча өтүмдүүлүгүн көрсөтүп, референдумга аралаш дароо саясий партия түзүп алды:

-Жаңы саясий күчтү түзүү жана аны колдоо боюнча мен өзүм чечим кабыл алдым. Жаратмандыктын, жоопкерчиликтин жана аракеттенүүнүн партиясын түзүүнү чечтим. Ага таянуу аркылуу мен биздин стратегия белгилеген милдеттерди аткарууга жана Кыргызстанды өнүккөн демократиялык өлкөлөрдүн катарына чыгаруу оюм бар, - деп билдирген Бакиев референдум жарыялардын алдында.



Президенттин мындай тилеги ишке ашарына жаңы түзүлүп, парламенттик чукул шайлоодо парламенттеги көпчүлүктү ээлеп калган «Ак Жол» партиясы бекем ишенимде.

Ошол эле мезгилде сынчыл саясатчылар Бакиевдин бул кадамын жеке бийлиги үчүн жасап келген Акаевдин айлакер аракетинин уландысы деп келишет. Мурдагы мамлекеттик катчы, «Элет» партиясынын лидери Накен Касиев мындай дейт:

-Ал киши кетирген катачылыкты бул киши кайра 100 пайызга, андан дагы ашырып кайталап жатат. Биринчиден, мына бул парламентти түзгөн боюнча эле “Алга, Кыргызстандын” прототиби андан дагы ашып түшкөн. “Ак Жол” партиясын түзүп, ошону мыйзамсыз түрдө бийликке алып келип койду.

Накен Касиевдин көз карашында эгемен Кыргызстан тушуккан эки мамлекет башчынын ортосунда бир гана айырма бар:

-Акаев өзү билими жагынан терең, интеллектуал билимдүү адам эле, тилекке каршы бүгүнкү президент тууралуу мен муну айта албайм. Айырмасы ушул эле.



Ал эми март ыңкылабында Бакиев менен тилектеш болуп, кийинчерээк оппозицияга кеткен «Асаба» саясий партиясынын лидери Азимбек Бекназаров эки мамлекеттик лидердин саясатынан бир дагы айырмачылыкты байкай элек:

-Экөө тамчыдай эле окшош. Ошол кездеги оппозициясы да ошол бойдон калды, дежурлары да, банкирлери да, чөнтөктөштөрү да ошол бойдон калды. Мен булары гана окшош, калганы окшош эмес деп айта албайм. Акаевдин саясатын булар андан да тереңдетип, кеңейтип, чоңойтту. Мамлекеттик машина калды. Рулда отурган адам гана алмашты.



Эгемен Кыргызстандагы башкаруунун мыйзамдуу жолго түшө албай жатышы мурдагы тышкы иштер министри, жаңы түзүлгөн «Акыйкат үчүн» кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун көз карашында бир катар өксүктөргө байланыштуу:

-Окшоштугу – үйбүлө башкаруусу. Экинчиден, кадр системасы, трайбализм маселеси. Мурунку бийлик дагы, азыркы бийлик дагы бөлүнүп-жарылмай ойногон. Ансыз дагы кичинекей элбиз. Духун көтөргөн, партиоттук сезимди көтөргөн саясат жүргүзүш керек. Эң негизги маселе “өзүбүздүкү, же биздики эмес” деп талдайт. Бул чоң катачылык.

Анткен менен, президент Курманбек Бакиев быйылкы жылды эгемендик жылдарынан бери келаткан куру убадалардан кутулуп, конкреттүү ишти баштаган жыл деп эсептейт. Буга шарт түзүлгөндүгүн, парламент баштаган бийлик бутактарынын ар кими өзүнө гана тиешелүү иштер менен алектенип жаткандыгын белгилеп, мамлекеттин иши илгерилей баштаганын белгилөөдө. Мындай оюн акыркы ирет Москвага сапардан кайтып келатканда журналисттерге билдирди.



Бирок эки президенттин тең кызматка келишине олуттуу салым кошкон, Акаевдин тушунда ага акаарат кылып, куугунтукка кабылган саясатчылардын бири, «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин көз карашында, Акаевдин тушундагы көрсөтмөлүүлүк Бакиевдин тушунда да жашап жатат:

-Анча-мынча нерселерди ишке ашырмыш болуп жатышат. Уламдан-улам эле айлыктар, пенсиялар көбөйдү деп ушуну айтышат. Бирок айлык, пенсия көбөйгөн менен баалардын өсүшүнүн ылдамдыгына караганда, айлык, пенсиялардын өсүү ылдамдыгынын айырмасы ташбака менен күлүктөй. Камбарата-2ни куруп жатабыз деп жатат, бирок азыр деле көп иш болбоптур. Экономика алдыга жылбай жатат. Революциянын негизги тагдыр чечүүчү талаптары аткарылбай жатат.

Топчубек Тургуналиев Кыргызстан ыңкылаптардан майнап чыгара албай чайналган өлкөлөрдүн бири болду деп эсептейт. Март ыңкылабын коргоочулар 24-март ыңкылабы алып келген президент Курманбек Бакиев өлкөнү он беш жыл башкарган президент Аскар Акаевдин таасиринде башкарып жатат деп эсептешип, башкаруу саясатында мындан ары 24-март ыңкылабынын талаптарына ылайык бурулуштарга барарына ишенишпейт.



Ыңкылапчылар баштаган жаңы оппозиция азыркы президентке Акаевдин кадрларынын таасиринен чыгууну, Акаевдин мүлкүн мамлекетке кайтарууну, Аксы окуясын аягына чыгарууну, мамлекеттик мүлктү кайра бөлүштүрүүнү токтотууну талап кылып келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG