Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

17:40 Ошто Тажикстандан келген этникалык кыргыздар жарандык алууда кыйынчылыктарга тушугууда


Ош аймагында Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздар жарандык алууда жана паспорт, күбөлүккө ээ болууда кыйынчылыктарга тушугууда. Бул туурасында Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Оштогу өкүлү Салахидин Юлдашев 4-мартта “Азаттыкка” маалымдады. Ал ошондой эле өкмөттүн кайрылман программасынын бир дагы пункту аткарылбай жаткандыгын кошумчалады. Ош облустук мамлекеттик бийлигинин башчысынын орунбасары Болот Бүргөев менен байланышсак, паспорт жана башка документтер маселеси чечилип жаткандыгын, ал эми жер жана турак-жай бийликтин башын оорутуп тургандыгын белгиледи. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG