Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

АКШда БҮГҮН ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ЧЕЧҮҮЧҮ ТАЙМАШЫ БОЛОТ


Бүгүн АКШнын төрт штатында – Техаста, Огайодо, Род-Айлендде жана Вермонтто партиялык ички шайлоо өткөрүлөт. Демократтар Техас менен Огайого өзгөчө көңүл буруп жатышат. Бул эки штатта алардын эки өкүлү – сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обаманын ортосундагы күрөштүн тагдыры чечилиши мүмкүн. Ал эми республикалык партиянын ички жарышын иш жүзүндө сенатор Жон Маккейн утуп алды. Бүгүн төрт штатта ал болгону өзүнүн артыкчылыгын дагы бекемдейт.

Дүйшөмбү күнү шайлоочулар алдындагы сөздөрүндө демократтардын башкы эки атаандашы бирин бири айыпташты. Атап айтканда, Барак Обама жакындагы бир макаласында Түндүкамерикалык эркин соода келишимин сынга алган эле. Хиллари Клинтон муну негизсиз деп эсептеп, буга кошо коңшулаш Канаданы да чочулатып койгону үчүн атаандашын катуу каптап өттү. Обама буга жооп кайтарып, Клинтон утулуп баратканын сезип, саал ыпылас ыкмаларга өтө баштаганына өз тарапкерлеринин назарын бурду. Эгер Клинтон Техаста жана Огайодо утулса, анда ал жарыштан чыгууга тийиш, деп айтты Обама.

Деген менен коомдук пикирдин натыйжалары эки сенатор тең бүгүнкү шайлоодо да эгей-шыгай чыгарын көрсөтүүдө. Айрым социологдор Техаста болор-болбос айрыма менен Обама жеңет десе, экинчилери Огайодо ооматты ушундай эле артыкчылык менен Клинтонго оодарып жатышат.

Жалпы делегаттардын саны жагынан Обама азыр Клинтондон саал алдыда баратат. Жеңүүчү деп аталыш үчүн 2025 добуш керек, демократтардын жалпы партиялык курултайына Огайодон - 161, Техастан 228 делегат барат.

Республикалык партиянын жарышында болсо сенатор Жон Маккейн ат чабым алдыга кетти. Бүгүн төрт штатта да аны өзүнүн атаандашы Майк Хаккабини утуп алат деп айтышууда. Маккейн өз билимин жана тажрыйбасын эске алып, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү кризисти жөнгө салганга жараган Ак үйдөгү бирден-бир киши боло алат элем деп билдирди жана соңку 20 жыл ичинде ушундай маанидеги проблемалардын чечилишине такай катышып келатканын эске салды.

Маккейнге эми демократтардан президентикке ким талапкер болот, ушул маселе маанилүү боло баштады. Демократтар парткурултайын августта, республикачылар сентябрда өткөрүшөт. Байкоочулар күздөгү чечүүчү кармашта кокус Маккейнге демократ Обама атаандаш болуп калса, президенттик мандатты ага уттуруп жиберерин азыртан эле божомолдоп жатышат. А эгер Клинтонго туш келсе, анда Маккейнге Ак үйгө үмүт кылганга мүмкүндүк калат дешет.

XS
SM
MD
LG