Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

ЭКИ ГЕЗИТТИН ҮСТҮНӨН СОТ ИШИ БАШТАЛДЫ


Жаннат Токтосунова, Бишкек Бүгүн Бишкекте Биринчи май райондук соту “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине карата президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев берген доо-арызын карап баштады. Бул гезиттер 2007-жылдын 21-мартында Акбар Молдокуловду «Хюндай-Соната» машинесинин айдоочусу сүзүп алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин, бул окуяга Асылбек Салиевдин тиешеси бар фактыларын жарыялашкан. Соттун бүгүнкү отурумунда гезит жетекчилери арыздын мазмуну менен таанышышты. Ал эми соттун кийинки жараяны 17-мартка белгиленди.

Асылбек Салиев гезитте жарыяланган макалалар аны өтө чоң психологиялык стресске жана моралдык кыйноолорго дуушар кылганын арызында айтат. Ал эки гезит редакциясынан жалган жалаа жапканы үчүн 1 миллион сомдон, ал эми макаланын авторлорунан 500 миң сомдон талап кылууда.

Президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерин “ар-намысыма жана атуулдук абийириме шек келтирди” деп 26-февралда сотко берген. Асылбек Салиевдин доо-арызында бул гезиттер жарыялангандан кийин анын үйүнө белгисиз бирөөлөр чалып, коркутуп-үркүткөнү, бул окуя коомчулукка кеңири тарап кеткенден соң ал үйдөн чыга албай калганы, атүгүл макалада кыйыр айтылып кеткен агасы менен бул туурасында «оор сүйлөшүү» болгону айтылат.

Ал эми гезит жетекчилери алар жарыялаган макалаларда бирөөнүн ар-намысына шек келтирген же бирөөнү күнөөлөгөн сөздөр жок деп эсептешет.

«Де-факто» гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова:

--Эң башкысы, биздин макалада «ошол киши күнөөлүү» деген сөздөр жок. Биз: «Акбар Молдокуловдун туугандары аны коюп кеткен машинанын Асылбек Салиевге тиешеси бар деп ойлоп жатышат. Эгерде андай болбогон болсо, эмне үчүн тергөө аягына чыкпайт, эмне үчүн карапайым үй-бүлө канкакшап ыйлап калса да күнөлүүлөр табылбай жатат? Бул бүдөмүк ойлорду жаратууда», - деген мааниде жазып чыкканбыз.

Акбар Молдокуловдун иши боюнча тергөө чынында ушунча убакыттан бери создуктурулуп келди. Бул ишти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Улан Жукенов иликтеп, шаардык прокуратурага өткөргөн. Шаардык прокуратура ишти кайрадан ШИИБге өткөрүп берген.

«Алиби» гезитинин баш редакторунун орун басары Рыскелди Момбековдун айтымында, январь айынын аяк ченинде чулгандуу макалалар жарыяланган соң гана бул кылмыш иши ыкчам тергелип, эми такыр башка нукта уланчудай:

- Менин билишимче, бул иш боюнча такыр башка эле бала «Акбарды мен койгом» деп күнөөнү мойнуна алып, түрмөдө жатат. Жакында бул боюнча сот болуп, бул иш тиги бала күнөөнү мойнуна алып кете бере тургандай жагдайга кептелип калды. Сот ушундай чечим чыгарса, анда биздин материалдарыбыздын бардыгы чынында эле Асылбек Салиевдин ар-намысына шек келтирип калышы мүмкүн, - деди Рыскелди Момбеков.

«Алиби» гезитинин журналисти Урмат Иманалиев бул окуя гезитке чыга электе эле коомчулук алдында жарыяланганын айтты:

--Парламенттик шайлоо алдында Балыкчыда «Ата-Мекен» партиясынын үгүт кампаниясы жүрүп, партия лидерлери эл менен жолугушкан. Ошондо кайтыш болуп кеткен Акбардын агасы эл алдына чыгып, Өмүрбек Текебаевден «ушул иштин аягына чыгып бериңиз» деп ага кат берген. Текебаев «макул, карап чыгайын» деп катты чөнтөгүнө салып койгон. Ушул окуяны уккандан кийин мен Акбардын агасына барып, окуянын чоо-жайын сураштыра баштагам.

Эми гезит жетекчилери сотко Өмүрбек Текебаевди да, ошол жолугушууга катышкан элүү чакты адамды күбө катары чакырууга соттон суранышууда.

Асылбек Салиевдин жактоочусу Сабыр Хабибуллиндин айтымында, анын корголуучусу 17-марттагы сотко катышпайт деп билдирди. 20 жаштагы жигит учурда Казан университетинде окуп жаткандыктан, Бишкектен 26-февралда учуп кеткен деди адвокат.
XS
SM
MD
LG