Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

АКШ КЫТАЙДЫН КОРГОНУУ ТАРМАГЫНЫН КАРЖЫЛЫК ЧЫҢДАЛЫШЫНА САНААРКАЙТ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Кытай быйылкы аскерий керектөөлөргө 59 миллиард доллар каражат бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул өткөн жылкыга караганда дээрлик 18 пайызга көп. Күндөн күнгө күчөп жаткан Кытайдын аскердик программалары дуйнөлүк коомчулукка жашыруун сыр бойдон калууда, андыктан Батыш буга кооптонуу менен карап турат.

5-мартта Бээжинде Кытайдын Улуттук Элдик Жыйынынын, башкача айтканда өлкө парламентинин кезектеги отуруму өз ишин баштайт. Анда карала турган маселелердин бири – мамлекеттин аскердик бюджетин 18 пайызга көтөрүү. Ошондо Кытайдын аскердик керектөөлөрүнө үстүбүздөгү жылы 59 миллиард доллар бөлүнмөкчү.

Кытай парламентинин маалымат катчысы Цзяң Энчжу (Jiang Enzhu) билдиргендей, кошумча бөлүнгөн акча каражаттары дүйнөдөгү кымбатчылык менен байланыштуу. Мунай кымбаттады, жоокерлердин айлык акысын да көтөрүш керек. Кошумча каралган акча мына ушундай гана башкаруу жаатындагы керектөөлөргө жумшалат дейт Энчжу.

Бирок АКШнын Коргоо министрлиги бул сөздөргө ынанган жок. Алардын ишеними боюнча Кытайдагы аскерий керектөөлөргө жумшалчу каражат бюджеттеги расмий көрсөткүчтөн кыйла жогору.

Пентагон Кытай тууралуу жаңы эле чыгарган баяндамада Бээжин космос куралдарын өнүктүрүп жатканы айтылып, Кытайда жасалма жандоочторду, башкача айтканда спутниктерди иштен чыгаруучу жогорку технологиялык куралдардын үстүндө кызуу иш жүрүп жатканы баяндалды. Баяндамада, ошондой эле, кинетикалык кубат куралдары, лазер, кыска толкун, өзөктүк нурдануу жана электромагниттик пульска негизделген куралдар тууралуу жазылган. Кытайдын атайын кызматтары компютерлерди иштен чыгаруучу атайын вирус программалардын үстүндө иштеп жатканы да баяндамада айтылат.

Баяндаманын жыйынтыгында белгиленгендей, Кытай экономикалык кубатына жараша аскерий күчүн да өстүрүп, бара-бара учурдагы дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугуна доо келтириши мүмкүн.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун айтымында, тескерисинче, Кытайдын, анын менен кошо Орусиянын аскер күчү өскөндо гана дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугу орундалышы мүмкүн:

- СССР, аны менен бирге социалисттик лагерь кулагандан кийин дүйнөдөгү күчтөрдүн балансы бузулган. Бул балансты кайра калыбына келтирүү үчүн Кытай да, Орусия да ШКУнун (Шанхай Кызматташтык Уюмунун) алкагында жаңы технологияларды өнүктүрүп, жаңы курал жаатында башкалардан кем калбашы керек. Болбосо, бир мамлекет же бир ууч мамлекет өз билгенин жасай берет, - дейт Ниязов.

Расмий Бээжин билдиргендей, Кытай дүйнөлүк сахнада АКШ менен аскерий атааңдашуу оюнан алыс. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги “АКШ кансыз согуш мезгилиндеги ой-жүгүртүүсүн калтырышы керек” деп айтты. Министрликтин басмса сөз-катчысы Шин Гангдын билдирүүсүндө “Пентагон көптөгөн фактыларды бурмалап жатат, бул АКШ менен Кытай ортосундагы алакаларды начарлатышы гана мүмкүн” деп айтылган.

Айрым батыштык серепчилердин пикиринде, Кытайдын аскердик программалары коргонуу жаатына гана багытталган учурда дагы Кытай менен Американын кызыкчылыктары кайра кагылышы мүмкүн. Бирдиктүү Кытай саясатын көздөгөн Бээжин жикчил сепаратисттик) маанайдагы Тайван аралын болочокто Кытайга толугу менен кошуу үмүтүнөн баш тарткан жок. АКШ өз кезегинде демократиялык режим бийлеген Тайвандын коопсуздугун сактоо үчүн көмөктөш болууга Тайван бийлигине убада кылган.

XS
SM
MD
LG