Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы суу-энергетикалык проблемалар негизинен эки тараптуу келишимдер менен жөндөлүп келатат. 2002-жылдан бери андай келишимге Өзбекстан кол кое элек. Борбор Азия чөлкөмүнө келген кургакчылык орток суу-энергетика проблемаларын кайрадан алдыга жаюуда. Кыргыз өкмөтү өткөн айдын аягында Өзбек, Казак өкмөттөрүнө кайрылып, суу-энергетикалык проблемаларды чечүүнүн жолдорун издөө сунушун билдирген. Бирок ал азырынча коңшу өлкөлөрдөн колдоо таба элек.

Борбор Азиядагы эң ири “Токтогул” суу сактагычында ушу тапта 7 миллиард 200 миллион кубометр суу калганын Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отунсуу ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков маалымдады. Коркунучтуу делген чек 5 миллиард 400 миллион кубометр. Министрдин айтуусунда, суунун азайышы өлкөнүн келерки кышка даярдыгына чоң коркунуч туудурууда:

- Анан да бул жалгыз эле Кыргызстандын башоорусу эмес. Суунун аздыгынан сугат маалы келгенде коңшуларга керек болчу өлчөмдү бере албайбыз. Азыр бизде коңшуларга сураган сугат сууну толук бере алабыз деген ишенич жок. Май айынан сентябрга чейин алар каалаган көлөмүндө сууну ала алышпайт.

Негизи Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандын суу-энергетикалык кызматташтыгы 1998-жылдан бери жакшы жөндөлбөй келатат. Суу көбөйгөн кезде коңшулардын макулдашылган милдеттерин аткарбай коюшу адатка айланууда. С.Балкыбеков өткөн айдын аягында казакстандык делегация келип “Токтогул” суу сактагычынан сууну азыраак кое берүүнү өтүнүшкөнүн кабарлады:

- Биз “Токтогул” суу сактагычынан сууну аз кое беришибиз үчүн алар бизге керектүү отун-суу бериши керек эле. Бирок аны жасашкан жок. Ошондуктан биз сууну азайта алганыбыз жок.

Кычыраган кышта Кыргызстан электр энергиясын арбын өндүрүүгө мажбур экенин “Электрстанциялары” акционердик коомунун жетекчиси Бакирдин Сартказиев да билдирди.

- Кышында биз белгилүү чектөөлөрдү койгон жокпуз. Кыш суук болду. Мисалы биз январь айында 2 миллиард киловат саат электрэнергиясын өндүрдүк. Мындай эч качан болгон эмес.

Жылдагыга караганда быйыл Борбор Азияда кыш катуу болгону менен суунун көлөмү жылдагыдан азыраак болорун “Кыргызгидрометерелогия” кызматынын жетекчиси Муратбек Баканов маалымдады:

- Аймактын кыйла жеринде жааган кар-жамгырдын жалпы саны суук кезде чогулчу суунун жалпы көлөмүн өзгөртө алган жок. Мындан улам дарыяларда суунун өлчөмү жылдагыдан азыраак болушу күтүлүүдө.

М.Бакановдун айтуусунда, Кыргызстандын түштүк тарабында, өзгөчө Сырдарыя алабында суунун өлчөмү мурдагы жылдардын деңгээлине жетпейт. Ал деңгээл 50 менен 80% ортосунда болорун окумуштуулар эмитен эле болжолдошууда.

Борбор Азия республикаларынын ортосундагы суу-энергетика проблемасынын ушу кезге тараптардын экономикалык кызыкчылыктарын эсепке алуу менен калыс чечилбей келатышынын жөнжайын академик Дүйшөн Маматканов кыргыз өкмөтүнүн жүүнү боштугу, Өзбекстандын өктөмдүгүнө байланыштырат.

- Бу “Токтогул” каскады Казакстан менен Өзбекстандын суу режимин канааттандырабыз деп жатып биз жалаң чыгымга келип жатабыз. 150 миллион доллар жылына чыгым болуп жатабыз. Эми ошону биз айта албай жатабыз да. Ошонун бизде илимий негизде иштелип чыккан эсептери бар. Ошонун эсеп-чотунун баары бар.

Өткөн айдын аягында кыргыз өкмөтү суу-энергетика проблемаларын чечүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн расмий Ташкен менен Астанага чакыруу жөнөткөн. Бирок да Өзбекстан өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн Бишкекке келбей калышына байланыштуу жыйын кийинкиге жылдырылды.
XS
SM
MD
LG