Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Райс Израил менен Палестинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүн тезинен жандандырууга чакырды


АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс учурда Жакынкы Чыгышта жүрөт. Оболу бүгүн Египетке жана Израилге токтогон соң Иордандын Батыш жээгиндеги Рамалла шаарында Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен кездешти. Сүйлөшүүлөрдөн соң жасаган билдирүүсүндө Аббас Израилди "агрессияны токтотууга" чакырды. Ал эми Кондолиза Райс Израил Газа секторунда "бейкүнөө адамдардын өмүрүн сактоо үчүн катуу чараларды" көрүш керектигин белгиледи. АКШ Мамлекеттик катчысынын ишениминде, соңку кыянатчылыктарга карабай, эгер эки тараптын тең эрки болсо, алар тынчтык келишимине ушул жылдын соңуна чейин эле жетише алат.

Палестин автономиясынын жетекчилиги Израил өткөн аптада Газа секторунда ХАМАСтын согушкерлерине каршы жүргүзгөн аскерий операцияга нааразылык ирэтинде алар менен байланышты токтотуп койгон болчу. Анда жүздөн ашуун палестин каза тапкан. Израил Газадагы чабуулду палестин согушкерлери өлкө аймагын ракета менен атуусун токтотуу үчүн жасаганын айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG