Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Орусия Украинага багытталган газды дагы азайтарын эскертүүдө


Өлкөнүн газ монополисти – Газпром компаниясы муну буга чейин топтолгон карызды төлөө жана келечектеги соода боюнча макулдашуу түзүлө электигине байланыштырууда. Газпром компаниясы Украинага багытталган газды кечээ 25%га азайткан, алардын ырастосунда украин тараптын жыйналган карызы учурда 600 миллион долларды түзөт. Газпромдун өкүлү Сергей Купряновдун билдиргенине караганда, көгүлтүр оттун басымы бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 23төн тарта дагы 25%га азаймакчы. Газпромдун айтымында, Украинага багытталган газдын азайышы Батыш Европадагы керектөөчүлөргө залакасын тийгизбейт. Украина Орусиянын газын Батышка транзиттеген өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG