Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

5-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз Автономиялык Областтын дыйкан-батрак аялдардын I областтык курултайы 1925-жылдын 5-мартында ишин баштады. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынышынын урматына кыргыз бийлиги 1991-жылдын 5-мартында өкмөт үйүнүн имаратына Кыргызстан Республикасынын жаңы желегин көтөрүү салтанатын өткөрдү.

Түркстан Советтик элдик комиссарлары 1918-жылдын 5-март күнү пахта майын чыгарчу, май жасоочу жана самын өндүрүүчү ишканаларды мамлекеттештирүү туурасында декрет кабыл алды. Ушул эле күнү Карасуудагы пахта тазалоочу завод мамлекет менчигине алынды.

Кыргызстандагы биринчи Кызыл гвардия батальону 1918-жылдын 5-мартында уюшулуп, кийин ал I Пишпектик Советтик полкко айланган.

Кыргыз Автономиялык Областтын дыйкан-батрак аялдардын I областтык курултайы 1924-жылдын 5-мартында ишин баштады. Курултайга Кыргызстан аймагынан 105 делегат дайындалып, жыйын Пишпек шаарында өткөн. Күн тартибине аялдар арасында жүргүзүлчү иш аракет, бу багыттагы партиянын орду талкууланып, кыз-келиндерди пионер менен комсомолдун катарына тартуу, “Совет” жана “Кошчу” бирикмелерине активдүү катыштыруу маселеси көтөрүлдү.

Мындан тышкаары, эларалык проблемалар тегерегинде пикир алмашылып, айыл-кыштакта жана аялдар арасында саясий үгүттөө ишин активдештирүү, эскинин калдыктарын жоюу, сабатсыздыкка каршы чечкиндүү күрөшүү маселеси негизги талап катары коюлду.

Кыргызстан Республикасынын Бириккен Улуттар Уюунун Генералдык Ассамблеясынын 46-сессиясында, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынышы кыргыз коомчулугуна зор таасир калтырды. Буга чейин «беймаалым республика» атыккан өлкөнү дүйнө коомчулугу таанып, Кыргызстан Эл аралык мамилелердин субъектисине айланды. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынышынын урматына кыргыз бийлиги 1991-жылдын 5-мартында өкмөт үйүнүн имаратына Кыргызстан Республикасынын жаңы желегин көтөрүү салтанатын өткөрдү.

Кыргызстан калкынын II Курултайына даярдык күн мурунтан көрүлүп, өлкө аймагынын ар-кайсыл жеринде курултайды колдогон жыйын, митингдер өткөрүлүп атты. Өлкө идеологдору курултай калк биримдигин жаратат деген ниетте ыйык от жагууну көздөгөн. Ыйык от Курултай символу катары кабыл алынып, 2003-жылдын 5-март күнү Манастын күмбөзү орун алган Талчокудан от тутандырылды.

Ушул эле күнү Жалалабатта курултайды колдогон митинг өткөрүлүп, мыйзамсыз саясий акциялар айыпталып, ал өлкө биримдигине доо кетире тургандыгы белгиленди. Аксакалдар курултайга арнап от тутанттып, аны жөө күлүктөр Бишкекке алып жөнөштү.

Бу күнү, 1929-жылы айтылуу жазуучу Качкынбай Осмоналиев жарык дүйнөгө келсе, 1953-жылы 73 жаш курагында И. В. Сталин дүйнөдөн кайткан.
XS
SM
MD
LG