Жорж Буш мындай пикирин өткөн апта соңундагы Эквадордо болгон иштен кийинки кырдаалга карата билдирди. Өткөн дем алышта ФАРК козголоңчулар тобунун башчысы өлтүрүлгөндөн кийин Венесуэла менен Эквадор Колумбия менен чектеш аймагына аскерлерин жөнөткөн эле. Жорж Буш Колумбия президенти Альваро Урибеге телефон аркылуу «аймакта туруксуздукка алып келе турган агрессивдүү аракеттерге барбоого» чакырганын билдирди.
АКШ президенти Венесуэланы Колумбияга каршы «чагымчылык иш-аракеттерди» жасады деп айыптады