Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

7:45 Ош шаардык мэриясы “Де-Факто” гезитин сотко берүүнү көздөөдө


Мэриянын маалымат катчысы Жыпар Акунованын билдиргени боюнча буга басылманын 28-февралындагы санына чыгарылган “Ош шаардык мэриясы ток уурулук менен кармалды” деген макала негиз болду. Мэриянын маалымат кызматы макалада жазылган фактылар чындыкка дал келбейт, деп бекемдөөдө. Ал эми “Де-Факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекованын айтуусунда, Ош шаардык мэриясы дооматын гезитке эмес, “Ош Электро” ишканасына багыттоого тийиш. Макала “Ош Электро” ишканасы берген пресс-релиздин негизинде жазылган, дейт ал. “Де-Факто” басылмасын бир нече күн мурун президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев да сотко берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG