Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

«Газпром» Украинага көгүлтүр отун жөнөтүүнү кыскартты


Орусия башта эскерткендей Украинага газды жөнөтүүнү эки эсеге кыскартты. «Газпром» Украина жүз миллиондогон доллар карызын төлөбөсө, газды дагы кыскартарын эскертти. Бул бирок Европаны газ менен камсыздоого таасирин бербейт. Эл аралык Энергия агенттиги Орусия Украинага карата «өтө кескин чара» колдонуп жатат деп, эки өлкөнү газ боюнча мунасага келүүгө чакырды. Бул арада Украинанын президенти Виктор Ющенко өкмөт башчы Юлия Тимошенкого Орусия менен газ тууралуу сүйлөшүүнү тез арада улантууну талап кылганын президенттик маалымат кызматы таратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG