Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

УГО ЧАВЕС: ТҮШТҮК АМЕРИКАДА СОГУШ ЧЫГЫП КЕТИШИ МҮМКҮН


Колумбия бийликтери ультрасолчул Революциялык куралдуу күчтөр, же кыскача ФАРК деп аталып жүргөн уюмдун лидерлеринин бирин өлтүргөнүнө байланыштуу Түштүк Америкада кырдаал курчуп кетти. Эквадор Колумбия менен дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн жарыялады, Венесуэла Колумбиядагы дипломаттарын чакыртып алды. Андан тышкары бул эки өлкө Колумбия менен чек араларына кошумча аскер, согуштук техника жөнөтүштү, бирок Венесуэла менен Эквадор - Колумбиялык ультрасолчул уюм менен байланышта болгон деген айыптоолорду четке кагууда.

Жекшембиде Венесуэланын президенти Уго Чавес Колумбиядагы элчилик жабылаарын жарыялады:

- Мен Боготадагы дипломатиялык миссияны токтоосуз кайтарып алууга буйрук бердим. Колумбиядагы элчилик жабылышы керек. Бул Түштүк Америкада согуш башталышына алып келиши мүмкүн, эгерде алар Эквадордогу кылыгын бул жакта да кайталагысы келсе, Колумбиянын президенти Урибе көңүлүнө түйүп койсун, мен дароо согуштук учактарды жөнөтөм.

1-март күнү Колумбиянын согуштук учактары менен жөө аскерлери коңшулаш Эквадордун аймагына кирип барып, ал жакта жашырынган колумбиялык ультрасолчул марксисттик уюм – ФАРКтын партизандарына каршы аскердик операция жүргүзгөнү ушундай тирешүүгө алып келди. Ал операциянын натыйжасында ФАРКтын 2-саптагы жетекчиси Рауль Рейес баш болгон 17 козголоңчу өлтүрүлгөн. Эквадордун президенти Рафаэль Корреа дүйшөмбүдө Колумбия менен алакалар токтотулганын билдирди:

- Мен Колумбия өкмөтү менен байланыштарды үзүүгө буйрук бердим, анткени адептүүлүктү, чындыкты, өнөктөш мамлекеттердин эгемендигин тебелеп-тепсеген өкмөт менен мамилелерди сактоо мүмкүн эмес.

Колумбиянын улуттук полиция башчысы, генерал Наранжо Эквадордун аймагында табылган ФАРКчылардын базасындагы компьютерлерде баалуу маалыматтар табылганын, аларда бул уюмга Эквадор менен Венесуэланын өкмөттөрү жардам көргөзгөнүнө далилдер бар экенин билдирди. Эквадор менен Венесуэла бул маалыматтарды четке кагып, Колумбия менен чек араларына кошумча миңдеген аскер жөнөтүп, согуштук техника, курал-жарак топтоп коюшту.

Эквадор - Колумбиянын бул аскердик рейди ФАРК уюму 5 жыл мурда барымтага алган колумбиялык саясатчы, Франциянын жараны Ингрид Бетанкурду бошотуу аракеттерин жокко чыгарды деп кошумчалады. ФАРК уюму Колумбияда адилеттүү саясий система куруу урааны алдында күрөшүп келатканына 40 жылдай болуп калды. Партизандык топко айланган уюм өз максатына жетиш үчүн кишилерди барымтага алып, маңзаттар аткезчилигинен да акча таап келатканы маалым.

Колумбиянын бийликтери атүгүл ФАРКчылар уранды сатып алууга аракеттенгенин далилдеген документтер табылганын, андан улам бул марксисттик топ эл аралык коопсуздукка коркунуч келтирген уюмга айланганын эскерткен.

3 өлкө ортосунда тирешүү жараткан жагдайды Колумбия президенти башка өлкө лидерлери менен талкуулап жатканын кечээ анын басма сөз өкүлү Веласкес маалымдады:

- Президент Альваро Урибе телефондон Борбордук Америка, Түштүк Америкалык бир катар президенттер менен сүйлөштү. Ошондой эле Америкалык өлкөлөр уюмунун баш катчысы Хосе Мигюэль Инсульса менен да баарлашты.

Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Түштүк Америкадагы кайым айтышуу, чыңалууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. АКШ Колумбиянын өзүн коргоо угуна колдоо билдирип, тараптарды диалогго үндөдү. Чили, Мексика, Бразилия жаатташкан тараптар ортосунда арачылык озуйпасын аткаруу ниетин билдиришти. Америкалык өлкөлөр уюму бүгүн кечинде Вашингтондогу чукул жыйынында жагдайды талкууламай болду.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG