Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиянын депутаттары менен мамлекеттик кызматкерлер миграция проблемаларын 11-12–март күндөрү талкуулашат. Парламенттер жана өкмөттөр аралык жыйында эмгек жана жашыруун миграция, адам сатуу, кесипкөй адамдардын сыртка агылышы өңдүү маселелер козголуп, аларды чечүү жолдору тууралуу сөз болот. Иш-чаранын катышуучулары КМШ, ЕврАзЭС жана ШКУ алкагында бирдиктүү миграциялык саясатты жүргүзүүнү макулдашмакчы, деп кабарлайт парламенттин маалымат кызматы. (JTo)