Кыргызстандын Чек ара кызматы Ички иштер, Коргоо министрликтеринин, Улуттук коопсуздук кызматы, Баңгиликти көзөмөлдөө агенттиги, бажыкана органдары менен бирдикте карта менен иштөө боюнча командалык-штабдык окуу жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, анын башкы максаты жашыруун миграция, качкын,турист катары Борбор Азия аймагына келүүгө аракет кылган эл аралык террорчул уюмдардын жолуна катуу бөгөт жасап, айрыкча түштүк чек ара аймактарына көзөмөлдү күчөтүү. Үч күнгө созулган окуу эртең аяктайт.(BD)