Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

МАККЕЙН МААРАГА ЖЕТТИ, КЛИНТОН ЖАРЫШТА КАЛДЫ


АКШда “кичи шейшембидеги” партиялык ички шайлоодо республикачыл-сенатор Жон Маккейн маарага жетти. Бүгүн аны президент Жорж Буш Ак үйдө кабыл алганы жатат. Ал эми демократиялык партиянын эки өкүлү – сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обаманын ортосундагы күрөш курчуду. Клинтон ички партиялык шайлоону үч штатта, алардын ичинде Огайодо жана Техаста утуп алды, Обама бир штатта жеңди.

Сенатор Жон Маккейнге өз партиясынан президенттикке талапкер болуп аталыш үчүн жалпы өлкө боюнча 1191 делегаттын өтүлдүгүн алуу керек эле. Кечээки “кичи шейшембидеги” шайлоодон соң ал бул “норманы” ашыгы менен толтурду. Төрт штатта тең – Техаста, Огайодо, Вермонтто жана Род-Айлендде – республикалык партиянын көпчүлүк тарапкерлери сенаторду колдошту. Өз жеңишине өтө коомуту толгон Маккейн колдоочулары алдында “республикалык партиядан президенттикке талапкер болорун чоң ишеним жана жоопкерчилик” менен жарыялады.

Сенатордун партиялаш аттаандашы Майк Хаккаби жарыштан чыкты. Маккейнди ал жеңиши менен куттуктап, мындан ары ага сүрөөнчү болорун билдирди. Сенаторду бүгүн Ак үйдө президент Буш да түшкү тамак маалында кабыл алып, ага өзүнүн колдоосун ырасмий түрдө айткан жатат.

Демократиялык партиянын талапкерлер жарышына “кичи шейшемби” олуттуу өзгөртүү киргизе алган жок. Тескерисинче, сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обаманын ортосундагы атаандаштык ого бетер курчуду. Клинтон үч штатта – Техаста, Огайодо жана Род-Айлендде Обаманы утуп алды. Бул ага талапкерлик мандат үчүн жарышта калганга жардам берди. Огайодогу ооматын ал өзгөчө жогору баалады. “Бул жеңишти бул жерде, Огайодо, бүткүл Америкада эртелеп катардан чыгарып салса да каркыны сынбаган, чалыштап, кайра туруп, көжөлө иштеп, эч качан багынбаган ар бир адамга арнайм”, - деп айтты Клинтон өз колдоочуларына кайрылып.

Барак Обама партиялаш атаандашын жеңиши менен куттуктады. Ошол эле учурда кечээ кечиндеги натыйжаларга карабай анын активиндеги делегаттардын саны эрте менен канча болсо,ошо бойдон калганын, демократиялык партиянын талапкерлер жарышын утуп алар жолдо баратканын белгиледи.

“Кичи шейшембинин” алдында Обама Клинтонду жарыштан чыкканга чакырган эле. Клинтон болсо атаандашы менен акырына чейин күрөшөрүн айткан. Айрым байкоочулар демократтардын бири күрөшүн токтотушу керек, болбосо бу жарыштын арты аларга күздөгү чечүүчү таймашта мөөрөй алып бере албайт дешет.

XS
SM
MD
LG