Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

24-МАРТ ЫҢКЫЛАП КҮНҮ ДЕП БЕЛГИЛЕНИШИ МҮМКҮН


24-мартты календарда кызыл күн деп белгилөө демилгеси кайрадан көтөрүлүүдө. Бул маселе кечээ Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде каралып, депутаттар 24-мартты ыңкылап күнү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/F1369E8F-01C3-49AE-B115-26F36F37C67D.asp деп майрамдоо жөнүндө мызам долбоорду жактырышты. Өкмөттүн мындай демилгеси боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер бар.

Мындай маселе буга чейин да көтөрүлүп, мурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары 24-мартты майрам күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоорду өткөрүшкөн эмес. Себеби өткөн чакырылыштын көп депутаттары 24-марттын түнүндө Бишкекте болгон талап-тоноочулуктан миңдеген ишкерлер чоң зыян тартышканын айтышкан болчу.

Эки жылдан бери президент К.Бакиев атайын жардык чыгарып, 24-март Кыргызстанда майрам күнү катары белгиленип келатат.

24-мартта чынында эле ыңкылап болду беле, же бул мамлекеттик төңкөрүш болду беле деген талаш-тартыш ушул күнгө чейин болуп келатат. “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов 24-мартты ыңкылап күнү деп белгилөө менен бийлик элге бул күнү чынында эле революция болгон деген пикирди таңуулап жатат деп эсептейт:

-Бул жерде бийликтин өлкөдө чындыгында революция болгон дегенин элге таңуулап жатканы десе болот. Бул бийликтин демилгеси болуп жаткандан кийин, албетте муну депутаттар колдоп беришет да. Бирок мындай алып караганда, революция дегенде түпкүрүнөн өзгөрүү дегенди билдирет. Ал эми бизде эч нерсе өзгөргөн жок да. Ошондуктан бул күндү революция күнү деп белгилөөдөн мурун 24-мартта чындыгында эле революция болдубу деген маселени чечип алышыбыз керек.

А.Жекшенкулов ушинтип чындыгында эле ыңкылап болгон-болбогону чоң суроо десе, “Кыргызстан коммунисттик” партиясынын лидери Клара Ажыбекова бул күндүн өлкө үчүн, жалпы эл үчүн мааниси зор экенин айтат. Ал 24-мартты революция күнү деп белгилөөнү колдойт:

-Ушунча жыл Акаевдин режимине каршы күрөшкөндөр үчүн бул чыныгы элдик революция. Бул күндүн белгиленишин мен туура көрөм. Ал эми түштөн кийин келип алып, бийликке жулунгандарга, контрреволюционерлерге - бул төңкөрүш.

Өкмөттүн атынан кечээ парламентте сөз сүйлөгөн адилет министринин орун басары Бекболот Бекиевдин айтымында, 24-мартты майрам күнү катары белгилөө боюнча мыйзам долбоору президенттин өткөн жылкы жардыгына ылайык даярдалды. Президент К.Бакиевдин ал жардыгында 24-мартты революция күнү деп майрамдоо жөнүндө айтылган.

Бул мыйзам долбоору парламенттин Миграция, эмгек жана социалдык саясат боюнча комитетинде жактырылганы менен, айрым депутаттар 24-марттын түнүндө болгон тоноолордон улам 24-мартты белгилөөнүн зарылдыгы жоктугун айтышты. Алардын бири - “Ак Жол” партиясынан депутат Жанкороз Каниметов дагы бул күндү календарда кызыл күнү деп белгилөөнү туура көргөн жок:

-Кыргызстан бүгүн иштеп, кызыл күндөрдү кыскартышы керек. Иштебесек мамлекет кантип өнүгөт? Керек болсо кызыл күндөрдү кыскартышыбыз керек. Ошол күнү майрамдап албастан иштешибиз керек. Мен бул күндүн майрамдалышына каршы эмесмин, бирок аны кызыл күн деп жарыялоону туура көрбөйм.

Эми бул мыйзам долбоору парламенттин жалпы талкуусунан өтсө, бул күн Кыргызстанда белгиленчү майрамдык 13-күн болуп калат.

XS
SM
MD
LG