Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ОРУСИЯЛЫК «ГАЗПРОМ» МЕНЕН УКРАИНАНЫН ТИРЕШИ КУРЧУДУ


Муса Мураталиев, Москва Украина Евробиримдикке кирген өлкөлөргө газ берүүсүн азайта тургандыгын «Газпромго» эскертти. Орусиялык газ концерндин өкүлү Сергей Куприянов айтканга караганда, шаршембиден тартып «Нафтогаз Украины» ар бир суткасына 60 миллион кубометр газды кыскартууну пландаштырууда. Ошол эле учурда Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко өкмөт олтурумунда Европа өлкөлөрүнө газды жиберүүдө, Украина ишенимдүү өнөктөш катары, ал мамлекеттер алдында өз милдетин бузбай тургандыгын билдирди. Ушул аптанын ичинде «Газпром» акы төлөбөйт деп Украинага жиберилчү газдын көлөмүн эки эсеге азайткан.

Агенттиктер жазганга караганда азыркы тушта Украина демейде алып туручу 156 миллион кубометр көгүлтүр отундун ордуна 69,3 миллион кубометр көгүлтүр отун алып калган. Ошого карабай украин бийлиги анча деле коркпогонун белгилешет. Байкоочулар менен журналисттердин божомолунда, мындай каамарабастык Украинанын өз жери менен батышка агып өтчү көгүлтүр отундан кармап жагарынан кабар берет.

Мындай чараны Украинанын буга дейре алып жаккан газы үчүн акы төкпөдү деп Орусиялык монополиялык концерн, ал корпорация деректирлер тобунун башында, 2-мартта президенттик орунга Кремлдин колдоосу менен шайланган Дмитрий Медведев турган «Газпром» көргөн. Анын ырасмий өкүлү Сергей Куприянов алдыңкы күнү мамлекетеик сыналгыдан Украинаны сүйлөшүүгө чакырды. Эгерде дагы эле кепке келбесе, анда:

-Украинанын көгүлтүр отунду пайдалануучулары үчүн көгүлтүр отундун көлөмүн 4-мартта кечки саат сегизден тарта дагы 25 пайызга кыскартуу чечими кабыл алынды, - деген.

Шейшембиде ал айткандай эле ал мамлекетке жөнөтүлө турган көгүлтүр отундун көлөмү кыскартылган. Орус тарап өз отунун сатууда арачы болуп келаткан «Нафтогаз Украины» айыптап чыккан. Ал эми «Нафтогаз Украины» өз кезегинде «Газпромду» айыптап:

-Эгерде ал Орто Азиядан келаткан көгүлтүр отундун жөнөтүлүшүнө техникалык жактан жолтоо болот экен. Анда бизден ары Европага жөнөтүп аткан анын көгүлтүр отунунун көлөмү кыскартылышы ыктымал, - деген.

Кечээ өкмөт олтурумунда Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко батыш өлкөлөрүнө өтүүчү көгүлтүр отундун эч тоскоолго учурабашын белгиледи:

-Кийинки учурда пайда богон табигый газ тартыш деген айың сөзгө карабай, Украина табигый газ менен толук камсыз, Украина үчүн жетишерлик өз такоолу бар, складдарындагы бардык такоолдорун ачып пайдаланат. Газ жетишпейт деп тынчсыздануу чагым сөз. Украина мурдагыдай эле үйлөргө жылуулук менен ысык сууну берүүнү үзбөйт.

Кечээ Украинанын президенти Виктор Ющенко ырасмий иш сапары менен Астанага келди. Анын сапарындагы кептин бири да дал ушул энергия кубатын өндүрүүчү отун тегерегинде болот дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG