Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

КАРИМОВ МАЙЫ ТҮГӨНГӨН УЧАКТАЙБЫ?


Бүгүн жарыкка келген “Алиби” гезити “Салиевге салам”, “Каркыраны казактарга ким берди?”, “Байлыгын жашырган “Акжолчулар” деген,“Дело №...” гезити “Дагы кесилген манжалар”, “Оштук журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшү жөнүндө сенсациялуу ачылыш”, “Машина сүзүп кеткен аялды көчөдөн өтүп бараткан бирөө эле зордуктап салды”, “Режиссер Б.Шамшиевдин үйбүлөлүк жашыруун сырларынын жаңы түрмөктөрү” деген өзөктүү темалар менен гезит күркөлөрүнө түшүүдө.

Оштук журналист Алишер Саиповду кимдер өлтүргөнүн Кыргызстандын күч органдары иликтегиче бул кылмыштын себебин өз алдынча иликтөөгө алган Эл аралык кризис тобу отчетун берип, Саиповду өлтүрүүгө буйрук берген да, аны аткарган да өзбек бийлиги деп шардана кылды.

Аталган кризистик топ Кыргызстандын күч органдарынын Саиповду өлтүргөндөр ислам радикалдары болушу мүмкүн деген жүйөөлөрүн ишенимсиз деп эсептеп четке какты.

Ырасмий эмес жыйындарда кыргыз чиновниктери да Өзбекстандын саясатына тынчсыздангандарын билдирүү менен И.Каримовдун өз элин аттиштей күч менен кармап келатканы бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндө исламдын радикалдашуусунун башкы фактору болууда деп айтышат. Алтургай президент К.Бакиевдин жакын кеңешчилеринин бири өзбек президенти Каримовду кайра учуп келатканда каякка конорун билбей кайсалап турган, майы түгөнүп бараткан учакка салыштырган. Саиповдун өлүмүнө байланышкан Эларалык кризис тобунун докладына азырынча ырасмий Ташкент ак да, көк да дей элек. Батыш дагы. Балким бул топтун жасап атканы да чоң саясый оюндардын бир бөлүгүдүр, ким билет деп жазды “Дело №...” гезити.

Ушул эле гезит Кыргызстанда Саиповдун кылмыш ишин иликтеп жаткандарды ал тууралуу таратылган ар кандай маалыматтар кыжырын келтирерин, ошол эле Эл аралык кризис тобунун отчетун алар: ”Эгер ошол топ чындап эле акылдуу экен, анда кимдер өлтүргөнүн таба берсин” деп айткандарын мисалга тартып, чындап эле А.Саиповду өзбектердин атайын кызматы өлтүрткөнү аныкталса, анда кыргыз күч органдарынын мындан аркы ат жүрүшү кандай болор экен деп жазды макалага карата түшүндүрмөсүндө аталган гезит.

Жумалык мындан тышкары Кыргызстанда СПИД дарты эмнегедир көчө сойкулары менен баңгилерден эмес, тилекке каршы катардагы эле жарандардын чыгып атканын, өткөн жумада Чүй облусунан 1 жаштагы баладан ушул оорунун белгиси катталганын, Кыргызстанга акыркы 4 жыл ичинде эле СПИД жана кургак учук ооруларына каршы күрөшүүчү Глобалдык фонд тарабынан 17 миллион доллар берилсе, алдыдагы 5 жыл үчүн дагы 28 миллион доллар бөлүнгөнүн, бирок ушунча көп каражат менен жардам берилип жатса деле бул опурталдуу оорунун Ош тартаптан чыгып жатышы түшүнүксүз болуп аткандыгын кеп кылды.

Гезит ошондой эле Чечен президенти Р.Кадыров Кыргызстанда жашап турган 4 миңдей чечен жердештерин кааласа өз Мекенине көчүп келүүгө чакырганын, алар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн, Бишкекте келемиштердин уюгу тери заводунун, Чоң Чүй Каналынын жана Ош базарынын аймагы бойдон калып жатканын, келемиштен кишилерге кутурма, чума, ичкелте жана башка коркунчутуу илдеттер жугарын маалымдады.

“Алиби” гезити менен “Де-факто” гезитин президент Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев сотко бергендиги окурмандарыбызга белгилүү болсо керек. “Алиби” гезитинин бүгүн жарык көргөн санына мына ушул гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Салиевге салам” деген макаласы басылды. Автор анда гезиттеги маалымат кыргызча жарыялангандыгына карабастан доо арыз орус тилинде жазылганын, ишти карайм деп шымаланып турган судья да татар кызы экенин, кыргызча ал дагы билбестигин, ошондуктан доо арыздын орусча жазылып, кайра кыргызча которулушунан да күмөн санарын, судья “Алиби” гезитин Асылбек Салиевдин алдында күнөөсү жок болсо да жыгып берерине бөркүндөй ишенерин жазып келип, соттошууга негиз болгон ошол макаланын өзөгүн кайрадан жарыялаган.

Аксы окуясы мурунку бийликтин мурдуна чыккан жара болсо, азыркы бийликтин алкымына жармашты. Акаев бийлиги “Аксы окуясын” туп-туура 3 жыл убада менен узартып келсе, Бакиев бийлигинин берген убадасына дагы 3 жыл толуп калды. Алты жылдан бери 6 баланын арбактары Акүйдөн акыйкаттык таппай келет. “Абийир соту” деген китепчеде азыркы президент Курманбек Бакиевдин дагы күнөөлөрү бар экени далилденип жүрөт.

Каргашалуу окуянын чыгышына “Тайфун” жана “Буран” атайын пландары себеп болгон жана бул операцияларды ишке киргизүү токтомуна ошол кездеги премьер-министр К.Бакиев колун койгон. Аксы окуясы боюнча алгылыктуу иш алып бара албагандыгы үчүн А.Бекназаров кызматынан айдалса, аягына чыгаралбагандыгы үчүн К.Конгантиев кызматы менен коштошкон. Ошентип 6 жылдан бери ачылбаган “Аксы синдромун” азыркы бийлик ачып берет дегенге болбойт. Анткени азыркы бийлик кылмышты ачканга эмес, андан качканга кадам таштоодо. Ошондуктан кандуу жекшембиде каза болгондордун туугандары Момунбек Четинбаев, Анарбай Үмөталиев, Айжигит Бейшебаевдер кыргыз коомчулугуна кайрылуусунда: “Аксы окуясына айыптуу кылмыш жообуна тартылыш керек деп көрсөтүлгөн Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баш болгон 42 адамдын айыбын элдик сот аркылуу тактоону суранабыз” деп айтканын жазат ушул эле гезит.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG