Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:41

Ватиканда кечээ католик жана мусулман делегацияларынын үч күндүк сүйлөшүүлөрү аяктады. Анын жүрүшүндө быйыл күз ортосуна белгиленип жаткан “чоң жолугушууга” байланыштуу маселелер талкууланды. Мындан тышкары тараптар тарса жана ислам диндери ортосундагы алакалар тууралуу да пикир алышты.

2006-жылы Рим папасы Бенедикт XVI немецтердин Регенсбург шаарындагы ибаарат маалында ислам динине байланыштуу укумчул сөз айтып алып,көңкү мусулман жамаатын буркан-шаркан түшүргөн эле. Абайсыз оозанып алган осол кебин түздөгөнү Рим папасы Түркияга барып, Стамбулдагы Көк мечитте анын имамы менен бирге диний таат өткөргөн. Ошонун соңунан 138 мусулман адыйлары менен аалымдары Бенедикт XVIга ачык кат менен кайрылып, ортодогу маселелерди талкуулоону сунуш кылышкан.

Рим папасы менен мусулман лидерлеринин жолугушуусу октябрь айына пландалган. Ага байланыштуу иштерди жана күн тартибине киргизиле турган маселелерди тактаганы Ватиканга мусулмандардын беш кишиден турган делегациясы келген эле.

Британиядагы мусулман академиясынан доктор Абдел Хаким Мурад Винтер жетектеген меймандар Ватикандын беш кишиден турган өкүлдөр тобу менен жолугуп, үч күн ичинде бир катар маселелерди талкуулап, таңашышты. Католик чиркөөсүнүн делегациясына Папа кеңешинин диндер аралык сүйлөшүүлөр бөлүмүнүн башчысы кардинал Жан-Луи Торан башчылык кылды.

Учурунда Ватиканда мартабалуу кызматта иштеп, ушу тушта Римдеги Актон институтун жетектеп жаткан Кишоре Жайабалан ырастагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар “чоң жолугушуунун” күн тартиби тууралуу эки башка позицияда турганы айкындалды. “Мусулман лидерлери, кейпи, таза диний маселелерди, атап айтканда, Кудай ким, коңшу-колоңдор ким, айтор, ушул өңдүү саясаттан оолак турган проблемаларды талкуулагысы келет окшойт. Ватикандын болсо диний эркиндикке тиешеси бар социалдык-саясий проблемаларга, жихадчылык,террорчулук,ислам өлкөлөрүндөгү диний азчылыктардын –христиандардын укуктары сыяктуу темаларга көбүрөөк ынтаасы барлыгы байкалды”,- дейт ал.

Жайабалан “чоң жолугушууда” диний-философиялык жана социалдык-саясий темадагы талкуулардын ич ара байланышынан улам тарыхый өңүттөгү проблемалар да козголорун болжолдойт. “Тараптарга, кыязы, христианчылык,айрыкча католик чиркөөсү диний жана саясий эркиндиктер тууралуу Агартуу доорундагы идеяларга кандайча мамиле кылганын да кеп кылууга туура келет окшоп калды”, - дейт Жайабалан. Эмнеге дегенде бул проблема азыр мусулман дүйнөсүндө курч коюла баштады.

Октябрда Ватиканда өтө турган “чоң жолугушууга” ар кайсы мусулман өлкөлөрүнөн 212 динаятчы катышканга ниетин билдирди. Быйыл июнда же августта Ватикан исламдын шейит мазабына кирген диний интеллектуалдар менен да атайын жолугушуу өткөрүшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG