Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Дүйнө жүзүндөгү депутаттардын дээрлик 18 пайызы аялдар, алар министрлик кызматтардын да 16.1 пайызын ээлеп турушат. 2005-жылдан берки мезгилдеги 2 пайыздык жакшырууну көрсөткөн бул сан-эсеп Парламенттер аралык биримдиктин жаңы изилдөөсүндө келтирилет.

Аялдардын саясаттагы таасири өсүүдө, бирок өсүш дагы деле жай болуп жатат. "Саясаттагы аялдардын 2008-жылдагы дүйнөлүк картасы" деп аталган изилдөөнүн жыйынтыгы мына ушундай. Анда конкреттүү сандарды карап көрсөк.

Жогоруда келтирилген эсептен тышкары, парламент спикерлери арасында айымдар орто эсеп менен 10 пайызды түзөт. Ал эми шайланма мамлекет башчылары арасында алардын үлүшү 5 пайыз.

Бириккен Улуттардын Аялдардын абалын жакшыртуу бөлүмү менен бирдикте жүргүзүлгөн изилдөө 2008-жылдын 1-январына карата статистикага негизделет.

Бул маалыматтар тууралуу сүйлөгөн сөзүндө Парламенттер аралык биримдиктин баш катчысы Андерс Жонсон "изилдөөнүн жыйынтыгы четелүү оптимизмге жол ачканы менен, парламенттеги теңчилик 2050-жылга чейин жетишилээри күмөн экендигин белгиледи. Ал эми БУУнун аялдардын абалын жакшыртуу бөлүмүнүн директору Каролин Ханнан "парламенттеги жана өкмөттөгү аялдар боюнча көрсөткүчтүн жакшырганы "аялдардын саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү ролун күч алдырып, алардын таасиринин өсүшүнө көмөк болот", деген үмүтүн билдирди.

Глобалдык сандар айрым улуттук жана регионалдык өзгөчөлүктөрдү көрсөтөт. Мындан 3 жыл мурдагыдан айырмаланып, азыр 18 эмес, 20 өлкөдө аялдар төмөнкү же бир палаталуу парламентеги орундардын 30 пайызын ээлеп турушат.

Эң көп аялдар депутат болуп шайланган өлкөлөрдүн биринчи сабында дээрлик 49 пайыз менен Руанда кала берүүдө, анын артынан Швеция 47 пайыз менен экинчи, ал эми Финляндия 41 жарым пайыз менен үчүнчү орунда турат. Адатта Скандинавия өлкөлөрүндө аялдар парламентте да, өкмөттө да тең жарым келет, бирок кийинки кездери бул жаатта аларга Аргентина менен Коста Рика атаандаш чыга баштады: Аргентинада парламентарий айымдар бүгүн 40 пайызга, ал эми Коста Рикада 37 пайызга жеткен.

30 пайыздык чекти өткөндөрдүн жарымы өнүгүп келаткан өлкөлөр. Алардын катарына былтыр эле бир да аял парламентинде болбогон Кыргызстан бүгүн бараандуу 25 пайыз менен кошулду. Арийне, бул көрсөткүч аял лидерлерге болгон кеңири колдоонун аркасы менен эмес, бийликтердин көрсөтмөсү аркылуу жетишилди.

Ошол эле мезгилде акаевдик мезгилдин акыркы жылдарында аялдардын саясаттан такыр эле четте калышы өлкөнүн келечеги үчүн кедергилүү экенин түшүнүүчүлүк кыргыз коомунда кыйла бекемделгени да даана байкалат.
XS
SM
MD
LG